Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

«АКОРДО» БИРИКМЕСИ ОППОЗИЦИЯДАГЫ САЯСАТЧЫЛАРДЫ СОТКО БЕРГЕН ЖАТАТ


Бүгүн «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери менен Бишкек шаар бийлиги 27-майда Бишкектин борбордук аянтында боло турган нааразылык акциясындагы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Ушул эле күнү айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү оппозициянын кээ бир лидерлерин кескин сынга алган билдирүү менен чыгышты. «Акордо» коомдук бирикмеси «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевди сотко бергени жатканын жар салды. Муну оппозициянын тарапкерлери митинг алдында уюштурулган атайын акция катары сыпатташты.

«Акордо» коомдук бирикмесинин лидери Чынара Абыкулова баштаган топ бүгүн «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевди сотко берүүнү көздөп жатканын билдирди. Анын айтымында, депутат март окуясынан кийинки Сокулуктагы жер талашта жергиликтүү элди нааразылык акцияларына акча берип чыгарып, анын натыйжасында эки жаат мушташ чыккан:

"Ошол апрель окуялары буга сабак болгон жок. Азыр ал дале сокулуктуктарды чогултуп, бул жакка алып келгени жатат. Эмне үчүн ал кан төгүлөт деп коркпойт",-дейт Чынара Абыкулова.

Ушул өңдүү билдирүүгө жооп кайтарган депутаттын тарапкерлери муну бийликке жакшы көрүнгүсү келген айрым мамлекеттик кызматкерлердин «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөлөрүн элге жаман көрсөтүү аракети катары сыпатташты. Алардын бири, «Солто» бирикмесинин юристи Улан Күчүковдун айтымында бул бийликтин заказы:

"Эмне себептен? Биз мына үчүнчү жолу митинг өткөрүп атабыз. Өткөндө да ушинтип, ой кырылып калат, аянтта элди сабайт деп атышкан. Жамгыр төккөнгө карабай, элибиз чыгып, туруп берди".

Темир Сариев өзү болсо ага каршы акцияны аргументсиз каралоо деп, муну 24-марттан кийинки өзүнүн бийликтин айрым кадамдарына ачык сыны менен байланыштырды:

"24-марттан кийинки бийликтин кээ бир кадамдарын колдогон эмесмин. Аны ачык-айкын алып чыккам. Анын ичинде адамдардын жөндөн-жөн эле келип, жеке менчик жерди басып алуусун кескин түрдө токтоткула деп айткам".

Менчикти коргоо 27-майдагы митингде бийликке жолдоно турган негизги талаптардын бири. Бирок, айрым байкоочулар «Реформа үчүн» кыймылы митингди бул ирет президент эсептешкидей деңгээлде өткөрөрүнөн күмөнсүнүп турушат. Муну Коргоо министрлиги 27-майда Кыргыз армиясынын күнүн белгилөө демилгеси, кыймылдын таасирдүү мүчөлөрүнүн бири Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош облусунун губернатору, дагы бир мүчөсү Азамат Калмандын өкмөттүк кызматка кетиши өңдүү өңүттөр менен негиздешүүдө. Кыймылдын лидерлеринин бири, экс-спикер Өмүрбек Текебаев мындай кадамдар ар башка өңүттө талдоого негиз берет дейт.

Темир Сариев бул аракеттер кыймылдын ишмердүүлүгүн алсыздатат деген көз карашты четке какты. Анын оюнда, маселен, Жантөрө Сатыбалдиев кыймылдын талаптарын азыркы кызматынын алкагында аткарууга киришерине ишенет.

Оппозиция лидерлери 27-майга белгиленген митинг 29-апрелдеги митингден да мазмундуу, массалык түрдө, бирок, тынч өтөт деп ишендиришүүдө. Ошол эле учурда бийлик менен диалогго барууга ар дайым даяр экендигин билдирип жатышат. Мындай билдирүүлөрдү президент Курманбек Бакиев да билдиргени бар. Бирок, азырынча, бул багытта сүйлөшүү тууралуу тараптар конкреттүү сунуштарын бири бирине жолдой элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG