Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, премьерлик кызматка талапкерди парламентте көпчүлүктү түзгөн партия же коалиция гана көрсөтөт. Мурда кандидатты президент тандап,аны өзү билип кызматтан алып кое алчу. Ющенконун мындайга укугу жок. Болгону ал парламенттин биринчи жыйыны ачылган күндөн тартып бир айдын ичинде башкаруучу коалиция түзүлбөсө, Жогорку Раданы таркатып, кайра шайлоо өткөрө алат. Айтмакчы, мындай түзөтүүлөрдү президенттик шайлоодогу кризис маалында Ющенконун тарапкерлери – “саргылжындар” сунуш кылышкан эле.
Азыр эң негизги маселе - премьер-министр ким болот,мына ушунда. Бу кызматка Юлия Тимошенко талаптанып жатат,ал эми президенттин партиясындагы депутаттар буга караманча каршы болушууда. Эгер бу маселеде тараптар мунаса таба албаса, Тимошенконун блогу оппозицияга өтөрүн айтууда. Мындайда Ющенконун партиясына региончулар менен биригүү вариантын караштырып көргөнгө туура келет. Эгер алар келишимге келишсе, анда “Биздин Украина” менен Региондор партиясы парламентте 267 добушка ээ болуп, жаңы өкмөттүн бекемдиги кепилденмек. Айрым болжолдорго караганда,азыр премьердин милдетин аткарып жактан Юрий Эхануров кызматта калмак, Виктор Януковичке парламенттин спикерлиги сунуш кылынмак.
Бирок мунун президент Ющенко үчүн опуртал жактары бар. Биринчиден, Янукович премьерликти талап кылышы мүмкүн. Экинчиден, региончулар Украинанын НАТОго, Евросоюзга кошулушун колдобойт, жердин жеке менчикке берилишине да каршы. Ющенкого болсо дал ушундай маанидеги реформаларды жүргүзгөн, батышчыл маанайдагы өкмөт керек. Парламенттин жыйынында сөз сүйлөп, ал жаңы өкмөт Украинанын европалык принциптерде өнүгүшүн камсыз кыла турган бирдиктүү команда болууга тийиш деп эскертти.