БИШКЕК. Бул тууралуу «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери бүгүнкү митинг соңунда жар салышты. Митингде10 пункттан турган резолюция кабыл алынып, аны кыймылдын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов окуп берди. Коюлган талаптардын арасында президент сентябрга дейре баш мыйзамдын макулдашылган долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна койсун,Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазалансын деген сыяктуу талаптар бар.
Коюлган талаптар күзгө дейре аткарылбаса Бакиев-Кулов тандеминин кызматтан кетүүсү талап кылынат