Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:01

ПАРЛАМЕНТ ЖЕРҮЙ АЛТЫН КЕНИН ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ӨКМӨТ ЧЕЧИМИН ЖАРАТПАЙ САЛДЫ


Кыргыз парламенти бүгүн Жерүй алтын кенин иштетүү жөнүндө австриялык “Глобал голд” компаниясы менен “Кыргызалтын” ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимди мыйзамсыз деп жаратпай салды. Депутаттар чет элдик инвестор тендер аркылуу тандалбагандыктан мыйзам бузулган деп белгилешип, ага жол берген адамдарды жоопко тартууну талап кылышууда.

Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча австриялык ишкана менен түзүлгөн келишим, депутаттардын айтымында, “Кенбайлыктар тууралуу” мыйзамды бузуу менен кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, алтын сыяктуу стратегиялык мааниси бар кен байлыктар иштетүүгө инвестор ишканалар жалаң тендер аркылуу гана тандалууга тийиш деп белгиледи депутат Болот Шерниязов:

-Биздин бүгүнкү өкмөт өзүм билемдик кылып, мыйзам бузуу менен эч кандай тендерсиз эле Жерүй кенин аты-жыты жок компанияларга карматып жатканына каршы болуп жатабыз. Жаңы келишим боюнча, Жерүй алтын кенинин лицензиясы чет өлкөлүк банктарга күрөөгө коюлат экен. Бул деген жаңы компаниянын кенди иштетүүгө каражаты жок дегенди түшүндүрөт.

Парламент бүгүн кабыл алган токтомдо кыргыз өкмөтү Жерүй алтын кени боюнча чыгарган чечимин жокко чыгарууга тийиш, кенди иштетүүгө инвесторлорду тандоо тендер аркылуу гана чечилиши керектиги белгиленген. Мындан тышкары, мыйзам бузган келишимди түзгөн адамдарды жоопко тартуу жөнүндө башкы прокуратурага тапшырма берилди.

Депутат Темир Сариевдин айтымында, келишимди түзгөн биринчи тарап катары “Кыргызалтын” акционердик коомунун жетекчилиги жоопко тартылышы керек:


"Өкмөттүн айтымында,келишимди "Кыргызалтын” даярдап берген, демек “Кыргызалтын” АКнун жетекчиси мыйзамды бузган катары жоопко тартылууга тийиш".

Бир катар депутаттардын пикири боюнча, бул маселеде өкмөттүн да кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бар. Анткени, келишимди бекитерде өкмөт анын мыйзамдуулугуна көңүл бөлүүгө тийиш болчу. Кыргыз өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Мурза Кулматов өз кезегинде мындай дооматтарды кабыл албай, четке какты.

"Өкмөт башчы да, өкмөт мүчөлөрү да бул келишимди түзүүгө катышкан эмес. Келишимди түзгөн кишилер бар, ошону талдашат, карашат. Бул маселени Башкы прокуратура эле эмес, депутаттык комиссия да карайт",- деди Мурза Кулматов.

Жерүй алтын кенине байланыштуу маселе парламентте өткөн жума күнү премьер-министр Феликс Куловдун катышуусу менен каралып баштаган. Премьер-министр парламентте сүйлөгөн сөзүндө алтын кенин инвесторлорго берүүдө тендерсиз жолду тандоого өкмөттүн акысы бар экенин айткан.

Жогорку Кеңеш бул маселени карап жаткан учурда сыртта Жерүй алтын кенинин жумушчулары пикет өткөрүп турушту. Алар кендеги башаламандыктарды токтотуу, иш орундарын кайра түзүп берүү жана инвесторду тендер жолу менен калыс тандоо тууралуу талаптарды коюшту.

Парламент чечимине ылайык, Жерүй алтын кени боюнча бүгүн кабыл алынган токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Ал комиссия Кыргызстандагы башка алтын кендерине байланыштуу бардык маселелердин мыйзамдуу чечилишине көзөмөл кылууга укуктуу болмокчу.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG