Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

29-МАЙДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1909-жылы көпөс Ивановдун Пишпектеги пиво чыгарчу заводу ишке киргизилген. 1928-жылдын бу күнү мурда ээленген Сүлүктүдөгү таш көмүр чыкчу кен Өзбекстандан Кыргызстанга берилгендиги кабарланды.

1909-жылы көпөс Ивановдун Пишпектеги пиво чыгарчу заводу ишке киргизилген. Пивого керектелчү суу Алаарчадан ташылып, арпа күйүп кетпесин үчүн жумушчулар 10-12 сааттап казанды аралаштырып турушкан.

1928-жылдын бу күнү мурда коңшулар тарабынан ээленген Сүлүктүдөгү таш көмүр чыкчу кен Өзбекстандан Кыргызстанга кайтарылып берилгендиги кабарланды.

Ошентип кыргыз, өзбек чегара маселесиндеги талаш участок тарыхый фактыга жараша Кыргызстандын пайдасына чечилди. Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин Президиуму коңшу өлкөдөн алынган эки волостту Сүлүктү районуна бириктирип, Ош кантонунун курамына кийирген.

1933-жылдын бу күнү “Фрунзеден Рыбачьеге чейин ичкиликсиз күжүрмөн жол!” деген ураан ташталган.

Айдоочуларга бири-бирине кичи пейил мамиле жасап, жолдо мас абалында мушташууларды токтотууларын өтүнүшкөн. Мындан тышкары, айдоочуларга жылкы, төө жана эшектерди үркүтпөш үчүн түнкүсүн ылдам айдабагыла деп эскертилген.

1953-жылы мурдагы Сталин, азыркы Чүй проспектисинде үч кабаттуу Сүрөтчүлөр үйү ачылган. Ал убак үчүн Сүрөтчүлөр үйү бийик курулуш деп эсептелинип, совет архитектурасынын алдыңкы үлгүсүнүн бири катары саналган.

Сүрөтчүлөр үйү бүгүн да Бишкек архитектурасынын кемелин келтирген көркөм имараттардын катарына кирет.

1958-жылдын бу күнү борбор шаарда аба ырайы кескин өзгөрдү. Аба температурасы күндүз 12 градуска төмөндөп, кечкурун жааган жамгыр катуу карга айланып, мөмө жемиштерге зыян алып келген.

Кызыгы ошол күнкү синоптиктердин билдирүүлөрү боюнча борбордо аба температурасы 13-18 градус жылуу жана майда жамгыр жаашы күтүлөт деп кабарланган.

29-май Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн майрам күнү. Куралдуу күчтөр күнүн белгилөө чечими 1992-жылы кабыл алынып, андан бери ал расмий түрдө майрамдалып келет.

1880-жылдын бу күнү дүйнөлүк коомдук пикирге зор өзгөрүү киргизилген, таанымал ойчул Освальд Шпенглер жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG