Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

ӨКМӨТТҮН ЖООБУНА ОППОЗИЦИЯ ЫНАНБАДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек 29- майда кечинде мамлекеттик телеканал өкмөт башчы Феликс Кулов баш болгон укук коргоо органдарынын жетекчилери түз эфир аркылуу “Реформа үчүн” кыймылынын койгон талаптарына жооп беришти. Алар конституциялык реформа жүргүзүү, коррупция жана кылмыштуулукту тыюу боюнча бийлик бир катар иш-аракеттерди көрүп жатканын белгилешти. Саясий оппозициянын өкүлдөрү өз кезегинде бийликтин берген жообу ынандырбаганын билдиришти.

Түз эфирде Премьер-министр Феликс Кулов жана башкы прокурор, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы, ички иштер министри, "Кыргызалтын" АК жетекчиси, Мамлекeттик телерадиокомпаниянын директорунун орун басары оппозициянын 27-майдагы койгон талаптарына жооп кайтарышты.

Премьер-министр Феликс Кулов “Реформа үчүн” кыймылы өткөргөн митингди аткаруу бийлиги түшүнүү менен кабыл алгандыгын, алар койгон талаптарды колдой тургандыктарын билдирди. Бирок ал талаптарды мыйзамдын чегинде караштырып, аткарууга убакыт керек экендигин, кээ бир талаптар митингисиз эле чечиле тургандыгын маалымдады. Анын айтымында, Конституциялык реформа боюнча учурда депутат Азимбек Бекназаровдун жетекчилигинде атайын топ иш алып барууда. Митингичилер тарабынан козгологон маселелер боюнча аткаруу бийлиги буга чейин эле аракеттерди көрүп келген.

Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев алардын сунушу менен Жогорку сот азыр Аксы окуясы боюнча козголгон ишти бузуп, кайрадан тергөөгө жиберүү тууралуу маселени карап жаткандыгын белгиледи.

-Аксы окуясы боюнча чечим бар. Тийиштүү адамдар жоопко тартылган. Азыр Жогорку сот Башкы прокуратура берген сунушту карап атат. Ал эми Жогорку сот өзүнүн мурдагы өкүмүн, чечимин ордунда калтырабы, же ошол чечимди бузуп кайрадан тергөөгө жибереби, бул тууралуу Жогорку соттун чечимин күтүп атабыз-деди Камбаралы Конгантиев.

Башкы прокурор ошондой эле Аскар Акаевдин үйбүлөлүк мүлкү боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, ага катыштыгы бар мурдагы айрым жетекчилердин үстүнөн кылмыш иштери козголгондугун айта кетти.

Митингичилер койгон дагы бир талаптын бири мамлекеттик телеоадиокомпанияны коомдук телевидение кылуу маселеси эле. Ал боюнча аталган телекомпаниянын жетекчисинин орун басары Бейшенбек Бекешов жооп берип, мамлекеттик телерадиокомпанияны коомдук телевидение кылуунун зарылдыгы жок экендигине токтолду.

Укук коргоо органдарын реформалоо багытында коопсуздук кызматынын башчысы, ички иштер министри да өз ойлорун ортого салышты. Ал эми Жерүй маселеси боюнча мамлекеттик геология комитетинин башчысы менен "Кыргызалтындын" жетекчиси маалымат беришти. Алардын билдиришинче, Жерүй алтын кенин иштетип аткан Англиянын “Оксус” компаниясы келишимге ылайык өкмөттүн талаптарын аткарбагандыктан лицензиясынан ажыратылып, “Глобал голд” компаниясы менен Кыргызстанга пайдалуу келишим түзүшкөн.

"Реформа үчүн" кыймылынын мүчөсү, белгилүү саясатчы Болот Байгожоев бийликтин берген жообуна канааттанбагандыгын билдирди:

-Аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн жообуна түк канагаттанган жокмун. Булардын сыналгыдан чыгып биз койгон талапка жооп бергени туура. Бирок бул формат мага жаккан жок. Алар негизинен актанышып, жалган маалыматтарды беришти.

Болот Байгожоев белгилегендей, эгерде азыркы бийликтин саясий эрки жетип, аз убакыттын аралыгында башкаруу бийлигин өзгөрткөндө, коррупция менен кылмыштуулукка каршы чечкиндүү чара көрүп, укук коргоо органдарын, сот системасын реформалаганда эл жогорудай талаптар менен митингге чыкпайт эле.

Кыргызстан ишкерлер ассоцациясынын башчысы Өмүрбек Абдрахманов өкмөт мүчөлөрү митингде коюлган талаптарды алигиче түшүнбөптүр деген пикирде.

-Бул аткаруу бийлигинин курамы биз коюп аткан реформаларды кылыш керек дегендин багытын, маанисин алигиче түшүнбөйт экен. Ошондуктан буларга үмүт аз. Мына биздин талапта экономикалык реформалар жок деген бөлүк бар эле. Ошого жооп беришкен жок. Экономикалык реформа деген эмне? Кадай багытты алабыз, кайсы жакка барабыз? Мына ушул жөнүндө сөз болуш керек эле. Тескерисинче бардыгын кыйратып атабыз дешип баягы советтик системаны айтып атышат. Андан тышкары Аскар Акаевдин эки жүздөн ашуун менчиктери бар экен, ушунун баарын алыш керек деп Үсөнов Данияр деген мырза бүткүл дүйнөгө жар салып чыкпады беле. Кана ошол байлыктар? Ошого отчет бериши керек эле да,-деди Өмүрбек Абдрахманов.

XS
SM
MD
LG