Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

МАСКӨӨДӨ ЕВРОПА КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ


Нарын АЙЫП, Прага 29-май күнү Маскөөдө Европа Кеңешинин туруктуу комитетинин жыйыны болду. Ага бардык 46 мүчө мамлекеттин өкүлдөрү жана Кеңештин төрагасы да келип катышты.

19-майдан тартып Европа Кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин комитетинде жарым жылдык төрагалык Орусияга өткөн. Дүйшөмбү күнү Маскөөдө болгон жыйын ошого арналды жана Европа Кеңешине мүчө болуп кирген 46 мамлекеттин өкүлдөрү келип, орус жетекчилери менен, алардын ичинде президент Владимир Путин менен дагы таанышты. Андан тышкары Маскөөдө Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын туруктуу комитетинин жыйыны да болду.

Европа Кеңеши негизинен адам укуктарын коргогон жана башка демократия орнотуу маселелерин чечүү үчүн түзүлгөн уюм. Аны Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин 1949-жылдын 5-май күнү он европалык мамлекет негиздеген. Кеңештин негизги максаты катары - бирдиктүү европалык саясат жана маданият түзүп, адам укуктарын коргоо аныкталган.

1950-жылы Кеңеш Адам укуктар боюнча европалык конвенция кабыл алган. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан дагы анын алдында Адам укуктар боюнча Жалпы декларация кабыл алынган, бирок европалык конвенциянын өзгөчөлүгү - аны жүзөгө ашыруу үчүн Страсбург шаарында Адам укуктары боюнча атайын сот да түзүлгөн.

Европа Кеңешинин башкы жетектөөчү уюму катары Тышкы иштер министрлеринин комитети эсептелинет, Орусия азыр ошого төрагалык кылууда. Кеңештин Парламенттик Ассамблеясы болсо консультативдик иштерди аткарат.

Европа Кеңеши мурда Орусияны жана өзгөчө Чеченстандагы абалды катуу сынга алып келген, эми Орусия өзү ага төрагалык кылганда деле Чеченстандагы абалды сынга алууда жана Маскөө аны кош стандарттуулук деп баалайт. 29-май күнү Маскөөдө өткөн жыйында дагы орус тышкы иштер министри Сергей Лавров - Орусиядагыдай нерселер Латвияда болсо, Европа ага көңүл бурбайт, Маскөөнү болсо ал үчүн такай сындай берет деп билдирди. Мамлекеттик думанын спикери Борис Грызлов болсо - Орусиянын төрагалыгы алдында Страсбургдагы сот юридикалык иштер менен гана алек болот деп билдирди. Бирок ал сот жөн сот эмес, ал адам укуктары боюнча сот.

Лавров менен Грызлов антип сүйлөгөнү менен, Европа Кеңешинин төрагасы Ван дер Линден менен жолукканда, президент Владимир Путин алда канча ийкемдүү болду: "Тышкы иштер министрлеринин комитетинде төрагалык кылуу учурунда биз Европа менен кызматташууну алдыга жылдыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз", - деди Путин.

Орусия Кеңешке 1996-жылдын 28-февралында мүчө болуп кошулган.

XS
SM
MD
LG