Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:36

ӨЗБЕК МАДАНИЙ БОРБОРУНУН ТАЛАБЫ ПАРЛАМЕНТТИН КАНЫН КЫЗЫТТЫ


Өзбек тилине расмий тил макамын берүү маселеси 30-майда парламентте кызуу талаш-тартышты жаратып, аны айрым саясатчылар өз кызыкчылыгы үчүн көтөрүп жатат деп сынга алынды.

Өзбек тилине расмий макам берүү талабы кыргыз оппозициясынын митингиси менен мезгилдеш чыкты. Оппозиция Бишкекте митинг уюштуруп жаткан учурда, Жалалабадда өзбек маданий борборунун мүчөлөрү 24-майда курултай чакырып, өзбек тилине расмий макам берүү талабы менен бийликке кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алышкан. Бул талап 27-майда Жалалабадда болгон митингиде дагы кайталанды.

Мына ушул маселе 30-майда парламентте кызуу талаш-тартышты жаратты. Жогорку Кеңештин депутаты, Жалалабадагы өзбек жамаатынын лидери Кадыржан Батыров өзбек тилине расмий тил макамын берүү Кыргызстанда жашаган миллиондон ашуун өзбек калкынын мүдөө талабы болуп жатканын баса белгиледи.

Бир катар депутаттар Жапаров, Салымбеков, Марипов, Келдибеков, Төлөнов маселенинин мындай коюлушуна кескин каршы чыгышты. Сооронбай Жээнбеков кыргыз мамлекети ушундай кыйналып турган убакта депутат Кадыржан Батыровдун ушул маселени көтөрүп жатканы туура эмес деп сынга алды.

«Мен түшүнүп жатам, өзбек депутаттардын жаңы шайлоо болуп кетсе добуш алалы, өзбек туугандарга жагайлы деген аракетин. Бирок мындай жол менен баруу туура эмес. Биз бир элбиз, бир журтпуз. Бири-бирибиздин тилибизди түшүнөбүз. Расмий тил (өзбек) Ошто кереги жок".

Парламенттеги өзбек калкынын өкүлдөрү Даврон Сабиров, Мамасаидов, Хакимов өзбек тилине расмий макам берүү маселесин конституциялык кеңеште карап көрүүнү сунуштады. Бирок башка депутаттар Ош окуясын эске алып, алардан бул маселени козгобоону өтүндү. Депутат Ташиев элге шылтоолобой, лидерлер элди туура жолго башташ керек деп өзбек депутаттарга кайрылды:

»Өзбек элини баштай турган сиздер. Мына жети депутат ушул жерде отурасыздар. Өзбек элинин эң татыктуу уулударысыздар. Ошондуктан бул жерде элге шылтоонун кереги жок. Өзбек тилине расмий макамын берели дегендик туура эмес. Бул көптөгөн элдерди,кыргыз элинин кыжырын келтирип жатат. Себеби, депутат Жапаров айткандай, Өзбекстанда биздин кыргыздарга кандайдыр бир статус берүү эмес, бригадир жок. Муну Кадыржан аке, депутат Хакимов абдан жакшы билет»,- деди депутат Ташиев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG