Жаңыл Жусубжан: Айыл өкмөтүндө 1 саат 25 мүнөттүн ичинде Кыргызстандын 15 жылдагы тарыхын, айылдын турмушу аркылуу түшүнүктүү, жөнөкөй жол менен көрсөтүптүрсүз. Кинону дал ушул өнүттө тартуу идеясы кандайча пайда болду?
Эрнис Абдыжапаров: Бул көп жылдык ойдун жыйынтыгы. Себеби Кыргызстан эгемендүүлүк болгондон баштап, биз көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Мен муну кантип көрсөтө алам деп көп ойлоп, көп кысма метраждуу фильмдерде чагылдыргам ойлорумду. Ошол эле "Таранчы", "Менин пирим Алмамбет", " Бекет" деген тасмаларда ошол "Айыл өкмөтүндөгү" ойлор билинип турат. Бирок ашуудан ашып, кичине үмүт пайда болгондо ошонун баарын тең болгонун болгондой көрсөткөндү туура көргөн жокмун. Себеби элди өткөн окуяларга кайрадан чөмүлтүү ырайымсыздык болмок. Ошондуктан ушуну үстүртөн, өзүм ой жүгүртүп жүргөн философиянын негизинде юморду кошуп көрсөтүш керек деген ой, албетте, 10-15 жылдын ичинде жыйынтык катары пайда болду.
Жаңыл Жусубжан: Саратан айрыкча айыл жерде, тоодо жайдын толукшуп турган мезгили. Кыргыз киносу мурдагысы да, азыркысы да салттуу, көчмөндүк турмушка жана айылдын турмушуна кайрылып келген. Бирок кыргыздар шаарды өздөштүргөнүнө кеминде жарым кылым болуп калды. Бир нече муун шаарда өсүп чыкты. Шаардын өз проблемалары, көп кыйынчылыктары бар. Азыр айылдан көп киши агылып келип жатат иш издеп, турмуштун айынан. Кыргыз киносу шаардын турмушуна качан жүзүн бурат?
Эрнис Абдыжапаров: Мисалы мен азыр шаардын турмушун көрсөтөм десем, болбой эле айылдыктарга такаласың, базарда өтурган, там салып жаткан турмушу болуп калат, шаардын айылдан айырмасы деле болбой калды. Албетте жаңы проблемаларды тартуулашыбыз мүмкүн. Азыр көп эле кинолорду көрүп жатам, шаардын турмушу орустун кинолорунан калька катары алынып, бири-бирине мамилеси орусча болуп калган.
Жаңыл Жусубжан: Балким ошол орус шаардын кыргыз шаар болуп бараткан азыркы процесс кызыктуудур?
Эрнис Абдыжапаров: Албетте, мен азыр жаңы кино тартып жатам. Ошондо шаардын кичинекей бөлүкчөсү көрсөтүлөт. Бирок ошону көрсөткөндө да, кылдат мамиле керек, себеби шаарды шаардай көрсөтүш үчүн көп нерсе керек экен, ошондуктан мен шаарды бир эле балкон менен чектеп койдум. Шаардык менталитетти айылдык менталитет менен салыштыруунун өзүнчө ыкмасын пайдаланганга аракет кылып жатам.