Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

АКШ АБА БАЗАСЫНЫН ИЖАРА АКЫСЫ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРҮҮДӨ


31-майда Бишкекте Манас аба майданынын ижара акысы боюнча кыргыз-америка өкмөттүк делегациясынын ортосунда сүйлөшүү башталды. Кыргыз тараптын демилгеси менен башталган сүйлөшүүдө ижара акысын көтөрүү маселеси негизги орунду ээлөөдө.

Америкалык делегацияны сүйлөшүүдө АКШнын Мамлекеттик департаментинин элчи даражасындагы кеңешчиси Роберт Лофтес жетектөөдө. Ал эми кыргыз тараптан тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов экени айтылууда. Кыргыз делегациясынын курамында юстиция, коргоо министрлигинин жана башка тийиштүү министрлик, мекемелердин өкүлдөрү бар экендиги маалымдалууда.

Бирок 31-майда башталган сүйлөшүүнүн жүрүшү жашыруун кармалууда. Ал эми америкалык делегациянын келгени акыркы убактарга чейин ачык айтылган жок. Анын үстүнө Вашингтон өкүлдөрү сүйлөшүү жана чечим кабыл алууга кыргыз тарап койгон мөөнөттүн бүтүшүнө бир күн калганда келди.

Белгилүү болгондой, президент Курманбек Бакиев 19-апрелдеги билдирүүсүндө, эгерде 1-июнга чейин Ганси базасы боюнча жаңы келишимге жетишилбесе, 1-июндан тарта Кыргызстан 4-декабрь 2001-жылы жетишилген келишимди бир тараптуу түрдө токтотуу жагын карап көрөт, деп айткан. Дал ошол 2001-жылдагы келишим боюнча америкалыктар Манас аба майданында азыркы шартта турууда.
Кыргызстандын жаңы бийлиги Манас аба майданынын ижара акысын көтөрүп, шартты өзгөртүү маселесин өткөн жылы койгон. Президент Курманбек Бакиев эл аралык мерчемдерге ылайык базанын ижара акысы 100 эсеге көбөйтүлүш керектигин айткан. Демек, буга чейин америкалыктар аба базасы үчүн 2 миллион доллар төлөп келсе, ал 200 миллион долларга жетиш керек. Америка тарап ижараны акыны кайсы бир деңгээлге көбөйтүүгө макул болгон менен, Кыргызстан талап кылгандай көлөмгө макул болгон-болбогону белгисиз. Ал 31-майда башталган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында аныкталат.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов ижара акыны көтөрүү маселесин 31-майда мындайча түшүндүрдү:

- Биздин мыйзамдарга ылайык, чет өлкөлүк компания, фирма, мекемелерге жерди ижарага берүүдө сөзсүз коэфицент коюлат. Кандай коэфицент коюуну өкмөт чечет. Мурда Мансаты ижарага берүүдө ал коюлбай калган. Ошондуктан айтаарым, бул жерде эч кандай саясат жок. Болгону коэфицент коюуну талап кылган мыйзамды аткаруу талабы гана бар. Сүйлөшүүнүн маңызы да ушул жөнүндө болот.

Ал эми коргоо министри Исмаил Исаков америкалык делегациянын келгенин жана сүйлөшүүлөр башталганын тастыктап, ага коргоо министрлигининен министрдин орун басары Кубанычбек Орузбаев катышып жатканын кошумчалады:

- Эксперттердин тобу иштеп жатат. Америкалык делегациянын статусу жогору. Бизден Орузбаев катышууда. Президент койгон мөөнөт аяктап баратат. Ошондуктан 31-майдын ичинде бир жыйынтыкка келишибиз керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG