Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

АТУУЛДУК КООМ АМЕРИКАЛЫК АСКЕР БАЗАСЫ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН АЧЫК БОЛУШУН ТАЛАП КЫЛУУДА


Бишкекте Манас аба майданынын ижара акысы боюнча кыргыз-америка делегациясынын сүйлөшүүсү уланууда. Ал өтө жашыруун шартта жүрүп жаткандыктан, тараптардын орток пикирге келген-келбегени белгисиз болуп турат. Ошондуктан, Бишкектеги «Атуулдар коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюму кыргыз-америка сүйлөшүүлөрү коомчулук үчүн ачык болушун талап кылды.

«Атуулдар коррупцияга каршы» өкмөтүк эмес уюму лидери Төлөкан Исмаилованын айтымында, америкалык аскер базасы эски бийликтин тушунда үйбүлөлүк коррупцияга айланткан. Кыргыз элине бир тыйын пайдасы тийген эмес.

"Ошондуктан, биз укук коргоочулар, Бакиевдин демилгесин колдогонбуз. Анткени базанын экономикалык, саясий, экологиялык форматы бизге түшүнүктүү болуш керек. Анан эң негизгиси, Манас аба майданын ижарага алып жаткандан кийин, ал каражат бюджетке сөзсүз түшүш керек",- деди Төлөкан Исмаилова.

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр активдүү түрдө алдыга жылып жатканы белгиленген. Ошондой эле АКШнын президенти Жорж Буштун жеке каты америкалык делегация тарабынан президент Курманбек Бакиевге тапшырылганы айтылган. Ал катта эмне жазылганы белгисиз. Президенттин басма сөз катчысы Надыр Момунов каттын мазмуну менен тааныш эместигин билдирди. Сүйлөшүүлөр канчага чейин созулушу мүмкүндүгүн айта албасын Момунов кыскача белгилеп, ижар акынын өлчөмү боюнча маселе эң негизги болуп жатканын кошумчалады.

Маалым болгондой, кыргыз тарап Манас үчүн ижара акыны 100 эсеге көбөйтүп, жалпы баасын 200 миллион долларга жеткирүүнү көздөөдө. Америка тарап андай баага макул эмесин, бирок ижара акыны көбөйтүү багытында сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген.

«Азаттыктан» мурда кабарлангандай эки күндөн бери жүрүп жаткан сүйлөшүүдө кыргыз делегациясын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, ал эми америкалык делегацияны мамлекеттик департаменттин элчи даражасындагы кеңешчиси Роберт Лофтес жетектөөдө.

Сүйлөшүүнүн жүрүшү эле эмес, орду да жашыруун кармалууда. Бирок, эки тараптын буга чейин койгон талаптары белгилүү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG