Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

ОШ : ОБСЕ КОМИССАРЫ ӨЗБЕК КАЛКЫНЫН МҮДӨӨ ТАЛАПТАРЫН УКТУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 1-июнь күнү Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Рольф Экоус мырза Ош облусунда атайын иш сапары менен болду. Иш сапардын жүрүшүндө ал Өзгөндөгү улуттар аралык мамилелердин абалы менен таанышуу үчүн жергиликтүү коомдоштуктун лидерлери жана бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссар Рольф Экоус мырза кийинки учурдагы улуттар аралык мамилелердин абалына кызыгуу менен өзбек диаспорасынын лидерлеринин бул багыттагы пикирлерин уктук. Жолугушууда өзбек улутунун өкүлдөрүнөн жетекчи кызматтарга жана укук коргоо органдарына аз көрсөтүлгөндүгү, эне тилиндеги окуу куралдары жана маалымат булактары менен толук камсыз болбой жаткандыгы айтылды. Рольф Экоус мырза бул маселелерди өлкө жетекчилигине айтып, чечүүгө көмөктөшө тургандыгын убада кылды:

"Мен Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушканда коюган маселелерди талкууга алабыз. Ал жерде улуттар аралык мамилелердин өзөгү кабыргасынан коюлат. Улуттук азчылыктардын башкарууга аралашуусун, өз тилинде билим алуусун камсыздоо социалдык маселелердин тең укуктуу чечилиши мамлекеттин негизги кызыкчылыгы болууга тийиш. Кыргызстандын жетекчилиги бул маселелерди туура түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм",- деди Рольф Экоус.

Өзгөн шаарындагы өзбек улутунун коомдук лидерлери менен жолугушууда алардын көпчүлүгү Жалалабаттагы өзбек улуттук маданий борборунун өзбек тилине расмий тил макамын берүү жөнүндөгү талабын колдобой тургандыктарын айтышып, мындай талап эки элдин маселесине көлөкө түшүрүшү мүмкүн деген кооптонуусун белгилешти:

"Кыргыз жана өзбек элинин карапайым калкы илгертен кыз алып, кыз берип жашап келген. Кайсы тилде болбосун, кыргыз тилде болобу, өзбек тилдеби сүйлөбөсүн бири-бирин түшүнүп келген калк. Жалалабатта болуп өткөн өзбек тилине расмий макамын берүүгө көпчүлүк Өзгөн шаарынын өзбек улутундагы адамдар колдобойт",- деген оюн билдирди Өзгөн шаарындагы аксакалдар сотунун төрагасы Топчубай Тешебаев.

Ал эми Өзгөн районунун акиминин орунбасары Мавлюда Шарипова карапайым кыргыз жана өзбек элинин ортосунда бөлүнүчүлүккө жол бербөө, айрым жоопкерчиликсиз саясатчылардын улуттук сезимди козуткан чакырыгын кабыл албоо багытында эл ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына мындайча токтолду:

"Планыбызда атайын топ түзүп эл арасына түшүндүрүү иштерин Куршаб, Мырзаке, Жаңы зоналарында жүргүзүү бар. Мындай маселени бекер калган жаштар көтөрөт".

Кечке маал Рольф Экоус мырза Президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү жана Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп, улуттар аралык мамилелердин абалы жана бул жактагы жалпы эле коомдук-саясий кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

XS
SM
MD
LG