Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

2-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1856-жылдын бу күнү саякатчы Ч.Ч.Валихановду Тулпарташ жайлоосунда жайгашкан бугу манабы Боромбайдын өргөөсүнө алып барышкан. 1937-жылдын бу күнү Юсуп Абдрахмановдун Сталинге жазган арызы Оренбург шаардык компартиясына жөнөтүлгөн.

1856-жылдын бу күнү саякатчы Ч.Ч.Валихановду Тулпарташ жайлоосунда жайгашкан бугу манабы Боромбайдын өргөөсүнө алып барышкан. Саякатчы манап өргөөсүнүн жасалгасы, ким каерде отурганы, кыргыз уруулары жөнүндө жана алардын абалы, ичара мамилелери туурасында кең-кесири маалымат берген. Мындан тышкары, ал кыргыздын кийим кечеси, алардын жасалгасы жөнүндө жазганы кыргыз этнографиясы үчүн даректүү материал катары эсептелинет.

1917-жылы Ташкент жана Чөлкөмдүк советтин депутаттары Кыргызстандын түндүгүн кыдырып, эмгекчилер менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар Карабулак кыштагына келишип, мындагы жергиликтүү калк менен орус дыйкандары ырашкер-ынтымакта жашай тургандыгын билдиришкен.

1919-жылы Түркстан Республикасынын Комиссарлар совети, мекенине кайтып аткан кытай граждандарына кыянатчылык кылбагыла деген баракчаларды Пишпек шаарына чаптаттырган. Баракчаларда кытайлык адамдар мекенине Ош шаары аркылуу кете тургандыгы айтылып, аларга колдон келишинче укуктук жардам берилиш керектиги белгиленет.

1924-жылы жети жылдык аралыктан кийин Суусамыр жарманкеси кайра ачыла тургандыгы кабарланды. Суусамыр жарманкеси буга чейин Пишпек, Нарын, Олуя ата, Наманган жана Анжиян уездеринин тогошунда өткөрүлүп турган. Жарманке жардыгында соода, сатык мамилесин жандандыруу Советтик Түркстан үчүн эларалык мааниси зор экендиги, себеп дегенде ага Батыш Кытайдан да соодагерлер тартыла тургандыгы белгиленет.

1937-жылдын бу күнү Юсуп Абдрахмановдун “аны коммунисттик партияга болгон мүчөлүгүн кайра калыбына келтирүү” үчүн Сталинге жазган арызы, Оренбург шаардык компартиясына жөнөтүлгөн. Ю.Абдрахмановдун арызы менен бирге, аны партия мүчөлүгүнө калтыруу демилгесин жактагандардын чын, жалганын териштирүү берилген. Ал “көрсөтмөгө ылайык”, Ю.Абдрахмановго “эл душманы” деген айып тагылып атылып кеткен.

Бу күнү, 1945-жылы таланттуу акын, жазуучу Анатай Өмүрканов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG