Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

ИРАН МАСЕЛЕСИ ВЕНА ЖЫЙЫНЫНДА ТАЛКУУЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 1-июнда Вена шаарында Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселе боюнча эл аралык жыйын болуп өттү. Жыйынга - Бирикен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү АКШ, Британия, Кытай, Орусия жана Франциянын, андан тышкары Алманиянын тышкы иштер министрлери жана Европа Биримдигинде тышкы байланыштар үчүн жооптуу Хавье Солана катышты.

Венадагы жыйынга катышкандар - эгер Иран өзүнүн өзөктүк программаларын токтотсо, ага кандай экономикалык сунуштар жасала турганы жөнүндө макулдашты, бирок ал эмне сунуштар болоору жөнүндө так айтылган жок.

Британиянын тышкы иштер министри Маргарет Бэккеттин айтымында, тараптар бир пикирге келди: "Иран менен сүйлөшүү жүргүзүүгө негиз түзгөн өтө орчундуу сунуштар боюнча биз бир пикирге келгенибиз үчүн мен кубанычтамын. Менин оюмча, андай сунуштар - Иран менен кызматташуу жолунда сүйлөшүү жүргүзүүгө шанс түзөт", - деди британиялык министр Венадагы жолугушуудан кийин.

31-май күнү АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс атайын билдирүү жасап, Иран менен түз сүйлөшүү жүргүзүүгө Вашингтон даяр деп билдирген, бирок катуу шарт койгон - ал үчүн Тегеран өзүнүн уран байытуу иштерин токтотууга тийиш.

Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки андай сунушту кубаттаганы менен, Тегеран өзүнүн өзөктүк программаларынан баш тартпай турганын билдирди: "Биздин мыйзамдуу укуктарыбыз боюнча биз эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөйбүз. Биз кол койгон эл аралык келишимдердин шарттары боюнча биз андай укукка ээбиз. Бирок түзүлгөн абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө биз даярбыз", - деди Иран министри 1-июнда.

""Уолл стрит жорнел" гезити 1-июнда АКШнын сунушун Ирандын жеңиши катары баалады. Гезиттин пикиринде, андай сунушка Тегеран баары бир макул болбойт, ал башынан белгилүү болгон, ошондуктан сүйлөшүүлөр эми бир нече айга уланат жана эпке келүү жараянында биринчи кадамга барган Вашингтон эми андай жараынды улантууга аргасыз болушу мүмкүн.

Стокгольм шаарындагы Тынчтык маселелерин изилдөө борборунун эксперти Шэннон Киленин пикиринде болсо, Вашингтондун сунушу негизининен Иранга эмес, башка мамлекеттерге багытталган. Маскөө менен Бээжин Иранга каршы катуу чара көрүүгө каршы чыгып келген, эми болсо АКШ - мына, биз түз сүйлөшүү жүргүзүүнү да сунуштадык, Тегеран эч кандай эпке келбеген мамлекет. Ошондуктан эми Бириккен Улуттар аркылуу ага каршы чара көрүш керек деп айта алат.

XS
SM
MD
LG