Максим Максимович 24-марттан кийин жаңы бийлик тарабынан экс-президентке коюлган айыптар жасалма, ойдон чыгарылып саясий тирешүүгө байланыштуу болгондугун белгиледи. Анын айтымында, башкы прокуратуратура тарабынан Аскар Акаевге жана анын үйбүлөсүнө карата козголгон кылмыш иштери, аягына чыкпай, «суу кечпей» калды:
"Учурунда Аскар Акаевди күнөөлөп, ага карата тагылган айыптар ишке ашпай калды.Экс-президентке карата азыр эч кандай кылмыш иши жок. Далилдер жоктугуна байланыштуу кылмыш иши токтотулган".
Бул тууралуу Маским Максимовичке башкы прокурордун орун басары жеке жолугушканда билдирген. Ал Акаевдин күнөөсү жок экендигин тастыктап, анын айланасындагы айрым адамдарга байланыштуу кылмыш иштери каралып жатканын маалымдаган.
Максимович экс-президенттин үйбүлөсүнө таандык делген Алаарча капчыгайындагы үйдө азыркы президент Курманбек Бакиевдин үйбүлөсү жашап жатканын айтты.
"Алаарчадагы Акаевдин үйбүлөсүнө таандык делген үйдө учурда азыркы президент Бакиевдин үйбүлөсү жашап жатат. Ал мамлекеттин менчиги болгондон кийин, мамлекеттин кызыкчылыгына пайдаланылышы керек. Ал үйдү Акаевдер менчиктештирүүгө аракеттенгендиги тууралуу документтер жок экендиги иликтөөдө белгилүү болду. Ал эми Акаевдин менчиги делген китепкана боюнча козголгон кылмыш иш, далил жоктугуна байланыштуу токтотулган".
Максимович Башкы прокуратура тарабынан Айдар Акаевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишти прокуратура кайра кантип жабуунун жолдорун издеп жатышкандыгын маалымдады. Анын айтымында, «Мээрим» кайрымдуулук коруна тагылган айыптар да негизсиз болуп чыккан.
Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев экс-президенттин үйбүлөөсүнө таандык мүлктөр боюнча козголгон кылмыш иши жакында аягына чыгарылып, сотко берилет, деп бир нече жолу маалымат жыйындарында ишенимдүү билдирген эле.
Конгантиев ошондой эле "Мээрим" коруна тиешелүү мүлктөр мамлекетке кайтарылып, Айдар Акаев мыйзамдын чегинде жоопко тартылат, деген.
Максим Максимович мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун учурунда Акаевдин мүлкүн мамлекетке кайрып алабыз деп коомчулукка жарыялаган «куру кыйкырыгынан» эч бир майнап чыккан жок, дейт. Ал эми Азимбек Беканазаров болсо азыркы бийликтин кечилигинен экс-президенттин мүлкүнө байланыштуу иш аягына чыгарылбай калды деген пикирде.
"Мен иштеп аткан мезгилде Аскар Акаев ондон ашык өтө оор кылмыш ишинин багытында тергелип аткан. Бирок Акаевдин президенттик кол тийбестигине байланыштуу сурак берген эмес.Бирок Аскар Акаевдин күнөөсү бар экендигин далилдеп, башка күбөлөр суракта көрсөтмө берип атышкан. 2005-жылдын 19-сентябрдан ушул убакка чейин Аскар Акаевдин үстүнөн эмес, анын үй мүлкүнүн, анын жан-жөкөрлөрү Танаев, Нанаев, Адил Тойгонбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери токтоп калгандыгы чындык. Бүгүн Максим Максимович ошондуктан Конгантиевди чыныгы башкы прокурор экен деп мактап атканы бекеринен эмес. Мен кеткенден кийин Акаевге байланыштуу иштердин бары токтоп калган. Ошондуктан Максимовичтин экс-президенттин эч кандай күнөөсү далилденген жок деп билдирүү жасап атканы азыркы бийликтин кемчилигинен. Ошол ишти бийлик аягына чыгарбай койгондугунан айтып атат.