Ахмед Закаев: Менин милдеттерим жана ишим мурдагысындай эле калат. Алар өзгөргөн жок, өзгөрүшү да мүмкүн эмес. Президент Абдул-Халим Садулаев жана сеператисттик өкмөт маңыздуу стратегия иштеп чыгышкан. Ал боюнча чет өлкөлөрдөгү бардык иштерди бир агенттик жөнгө салат. Башка министрлер Чеченстанда кала бериши керек. Алар майдан чегиндеги кырдаалга көз салып, абалды жеринде көзөмөлдөп турушат.
Азаттык: Чечен жаңжалын тынчтык жолу менен жөндөө аракетин улантасыңарбы?
Ахмед Закаев: Менин терең ишениминде, чечен жаңжалын, жалпы эле Түндүк Кавказдагы жаңжалды тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечсе болот. Биз тынчтыкты орнотуу аракетин улантабыз, мындан башка жол жок экенине ишенем. Менимче, орус бийликтери да муну жакшы түшүнөт. Орусияда улам көп сандагы адамдар жаңжалды тынчтык жол менен жөндөөгө далалаттанууда. Бейөкмөт уюмдар менен катар, орус өкмөтүндөгү чиновниктер да бул проблеманы талкуулашат.
Азаттык: Ошондо силердин тынчтык келишимине келүүгө карата позицияңарда өзгөрүү бар экен да?
Ахмед Закаев: Согуш жаңы башталганда, Чеченстандын мурдагы президенти Аслан Масхадов проблеманы сүйлөшүү аркылуу чечүүнү сунуш эткен. Андан бери биздин позициябыз өзгөргөн жок. Чеченстандын азыркы президенти Абдул-Халим Садулаев да ушул жолду колдойт. Ал бир канча жолу тынчтыкка жана келишимге каршы эмес экендигин айткан. Бир гана жери биз сүйлөшүү өткөрөлү деп кайра суранбайбыз. Эгер оппоненттер саясий методдорду колдонууну чечсе, биз албетте мындай чечимди колдойбуз. Биз бейөкмөт уюмдар менен иштешүүнү улантып, колубуздан келгендин баарын жасайбыз.