Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

ЖОГОРКУ СОТ : АКСЫ ОКУЯСЫН КАЙРА КОЗГООНУН КЕРЕГИ ЖОК


Жогорку сот бүгүн Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарды. Соттун мындай чечимине нааразы болгон 10-15 адамдан турган аксылыктардын тобу Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет жасашты. Аларды милиция кызматкерлери аскерлердин жардамы менен Өкмөт үйүнүн короосунан сыртка күч менен чыгарып койушту. Азыр Өкмөт үйүнүн алдында отуз чакты адамдан турган топ «Бакиев, сыртка чык, деп кыйкырып турушат. Жогорку сот Аксы окуялары боюнча кылмыш ишти Башкы прокуратуранын жаңы жагдайларга байланыштуу аны кайра тергөө тууралуу сунушунун негизинде карап баштаган эле. Анда бул иште жаңы жагдайлардын бар экени, мурдагы тергөөдө бийликтин жогорку тепкичиндеги жетекчилердин аракеттерине, «Тайфун» жана «Буран» операцияларына укуктук баа берилбегени белгиленген.

Өкмөт үйүнүн алдында топтолуп турган аксылыктардын арасында белгилүү укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдурасулова, Эдил Байсалов дагы кошо жүрүштү. Төлөйкан Исмаилова Аксы окуясын адилет тергөө жөнүндө убадасын аткарган жок деп президент К. Бакиевди сынга алды:

Бакиев бардык ишти Аксы окуяларына акыйкат изилдөө жүргүзүүдөн баштаары жөнүндө биринчи программасында сөз берген. Мына бүгүнкү күнгө чейин мыйзамдуулук болбой жатат. Жогорку сот болсо кайра туура эмес чечим чыгарды. Милиция менен аскерлер элди сабап, Акүйдөн күч менен алып чыкты. Ушулбу Бакиевдин адилеттиги?”



Азиза Абдурасулованын пикиринде Акаевдин учурунда адам укугуна мамиле кандай болсо, азыр да дал ошондой кейиштүү көрүнүш кайталанып жатат:
Эч кандай өзгөрүү болгон жок. 21-апрелде президент Курманбек Бакиев Аксы элинин алдына барып, Аксы окуясына адилеттик менен изилдөө жүргүзүлөт деп убада берип келген. Убадасына турган жок. Өзүнүн президенттик шайлоо программасына дагы “Аксы окуясы боюнча ишти аягына акыйкат чыгарам” деп жазган эле. Бири дагы аткарылган жок. Анысы аз келгенсип, бүгүн Аксы окуясында жакынын жоготкон жабырлануучуларды, ок жеген жарадарларды милиция менен аскерлерге сабатып, Акүйдөн кууп чыкты.”



Аксылыктар Бакиев элге чыгып жолукмайынча кетпей тургандыгын билдиришип, Өкмөт үйүнүн алдында “Бакиев, чык” деп кыйкырып турушту. Аксылыктардын өкүлү “Азаттыктын” кабарчысына эми башка кадамдарга барышарын айтты:

«Эртең менен эле сот өтүп жаткан имаратка милиция кызматкерлери толо баштаганда шекшигенбиз. Ушул сот дагы акыйкат чечим чыгарына көзүбүз жетпей турган. Иш жүзүндө да ошондой болуп чыкты. Бирок президент дагы, Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү да ушуну менен эле бүтүп калат деп ойлошпосун. Биз эми башка жолдорго барабыз. Канга-кан, жанга-жан».





Өкмөт үйүнүн алдында президенттин чыгуусун талап кылып турган аксылыктарга депутат Азимбек Бекназаров келип жолукту. Ошондой эле Президенттин алдындагы Адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун чыгып сүйлөштү, Кечке жуук президенттин мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыков Аксылыктарга чыгып, президент аларды 3-июнь күнү кабыл алууга убада бергендигин билдирди.











  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG