БИШКЕК. Бүгүн Президент Курманбек Бакиев Аксы окуясында жабыркаган адамдарды кабыл алат. Бул тууралуу кечээ президенттин мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыков билдирди. Президент менен жолугушууда Аксы окуясы боюнча Жогорку Соттун жума күнү чыгарган чечими, Аксы окуясында элге ок аткандарды жазалоо маселеси талкууланмакчы. 2-июнда Жогорку Соттун чечимине нааразы болушкан 30 чамалуу аксылыктар Өкмөт үйгө кирүүгө аракеттенишкенде, аларды аскерлер күч менен сүрүп чыгарышкан.