Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:04

ИРАНГА БҮГҮН “АЛТЫЛЫКТЫН” СУНУШТАРЫ ТАПШЫРЫЛАТ


Евросоюздун тышкы саясатынын жетекчиси Хавер Солана бүгүн Тегеранда Иран жетекчилерине “алтылыктын” өткөн аптада Венада макулдашылган сунуштарын тапшырат. Батыш өлкөлөрү Иран менен өз ара ишенимдин шартында жаңы мамилелерди түзүүнү каалайт, деп билдирди Солана кечээ Тегеран аэропортуна келип түшкөндө.

“Алтылыктын” – Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү – АКШ,Британия, Кытай,Россия жана Франция менен бирге Германиянын тышкы иштер министрлери 1-июнда Венада макулдашкан жаңы сунуштарда Иранга уран байытуу ишин токтотуу талабы коюлган. Мунун эсесине “алтылык” Тегеранга экономикалык, технологиялык, анын ичинде атом энергетикасы чөйрөсүндө олуттуу жардамдар көрсөтүүгө убада кылган. Британиянын тышкы иштер министри Маргарет Беккеттин айтымында, жаңы сунуштардан Иран калетсиз чоң пайда табат.

Эгер Тегеран жаңы сунуштарды четке какса, анда Ирандын иши Коопсуздук Кеңешинде каралат, ага санкциялар жарыяланат. Санкциялар тизмесин да “алтылык” Венадагы жыйында макулдашкан.

Хавер Солана кечээ Тегеранга келер алдында Евросоюздун “үчкүлү” даярдаган демилгелер кабыл алынарына ишенич билдирди. Мурда ал бул сунуштар четке кагылса, анда мунун өзү ирандыктар атом энергиясын алганы эмес, ядролук курал жасаганы уран байытып жатканын көрсөткөн ачык белги болорун эскерткен эле.

Иран президенти Махмуд Ахмединежад Тегеран ядролук отун өндүрүү укугунан баары бир баш тартпай турганын кайталады. Ошол эле учурда ал Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннанды жаңы сунуштар менен кунт коюп таанышып чыкканга ишендирди.

Жекшемби күнү Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменеи Батыштын коркутуп-үркүткөнүнөн улам гана Тегеран өзүнүн “илимий максаттарынан” айнып кетпей турганын айткан эле. Аятолланын айтымында, “Иранга атом бомбасы керек эмес,ядролук курал колдонуу исламдын эрежелерине туура келбейт”. Ошону менен бирге Хаменеи кокус Кошмо Штаттары Иранга каршы “калпыс кадам” жасай турган болсо, бүткүл Жакынкы Чыгыштан мунай ташуу иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин да эскертти. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс болсо мунай кризисинен Иран өзү жабыр тартарын эске салды. Бүткүл кирешенин негизги бөлүгүн Иран мунай экспортунан алат.

XS
SM
MD
LG