Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

ЖАПОНИЯНЫН БОРБОР АЗИЯДА САЯСИЙ МАКСАТЫ БАРБЫ?


Жаныл Жусубжан, Прага Жапания менен Борбор Азиялык төрт өлкө ушул шейшембиде Токиодо тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жыйын өткөрүп, аймактык кызматташттык планын жактырышты. Планда чек араларды кайтарууну жакшыруудан тартып терроризмди жана баңгитрафикти тизгиндөө аракеттери каралат. Байкоочулардын ишениминде, Жапания аймакта жаңы оюнчу болгусу келет, бирок башка ири мамлекеттер буга жол беришээри күмөн туудурат.

"Борбор Азия кошуу Жапания Диалогу" деп аталган 6-июндагы жыйынга Жапаниянын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары катышты. Ооганстан тышкы иштер министрин байкоочу кылып жөнөттү. Тараптар наркотраффикти жана жакырчылыкты жоюу жаатындагы кызматташттыкты күч алдыруунун зарылчылыгына басым жасашты.

Жапаниянын тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүгө ылайык, жактырылган аракет планында адам укуктарын жана саясий диалогду бекемдөөгө чакырык да камтылган. Билдирүүдө катышуучулар демократиялык коомдорду, базар экономикасын колдоп, турмуш деңгээлин жакшыртуунун, терроризм жана жакырчылык менен күрөштү күч алдырып, адам укуктарын коргоо аракеттерин улантуунун зарылдыгын моюнга алышты. Беш өлкө ошондой эле Борбор Азияда аймактык сооданы жана инфраструктураны жакшыртууну макулдашышты.

План боюнча,Токио Тажикстанга Борбор Азияны Ооганстан менен бириктирген жолдорду жаңыртууга жардамдашуу менен мунай-газды ташууну жеңилдетүүгө көмөк көрсөтмөкчү.

Жапония менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн буга чейинки алгачкы жыйыны 2004-жылы Казакстанда өтүп, ага Түркмөнстан да катышкан. Тараптар анда антитерроризм чараларын жакшыртып, энергетика тармагындагы кызматташууну жакшыртууга макулдашкан болчу.

Жапания эбактан эле Борбор Азияда, айрыкча Ооганстанда таасирин күчөтүүгө далалаттанып келет. Ошол эле мезгилде Борбор Азияда Кытайдын таасири өскөн сайын Жапаниянын тынчы кетип жаткан болсо таң калыштуу эмес. Бирок Кытай менен катар Орусия Жапаниянын Борбор Азияда таасиринин өсүшүнө жол бере коеру күмөн туудурат. Бейжин менен Маскөө шейшембиде Токио жыйынына катышкан борбор азиялык өлкөлөр менен катар Шанхай Кызматташттык уюмуна мүчө экени маалым. Борбор азиялык жумурияттардын ичинен да жапандардын күч алышына шектенүү менен карагандар жок эмес. Кэмбридж университетинин эксперти Свенсон-Райт да Токиону биринчи кезекте Борбор Азиянын мунай-газ байлыктары кызыктырганы менен, өзү четке каккан бул аймак үчүн чоң оюнга кошулуп кетиши да ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG