Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

БИЙЛИК БУТАКТАРЫ ЖОЛУГУП КЕҢЕШ КУРУУДА


Өкмөт үйүндө бүгүн Президент, Өкмөт жана Жогорку Кеңеш депутаттарынын, сот бийлигинин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу башталды. Анда өлкөдөгү кырдаал, конституциялык реформанын тагдыры, парламенттин келечеги жөнүндө маселелер талкууга алынууда.

Бул жолугушууга катышуудан бир күн мурда оппозициядагы депутаттар баш тартышты. Алардын катарында «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөлөрү Кубатбек Байболов, Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов, Дооронбек Садырбаев, Кабай Карабеков бар. Алардын айтымына караганда, «Реформа үчүн» кыймылы өз талаптарын 27-майдагы митингиде жарыялаган. Экинчиден, жолугушуунун түз эфирден берилбей тургандыгы да буга себеп болгон. Жогорку Кеңештин депутаттары бийлик бутактарынын жумушчу жолугушуусун кыргыз мамлекеттик телекөрсөтүүсү аркылуу түз көрсөтүлүүсүн сунуштаган. Бирок, техникалык себептерге байланыштуу аны камсыздоо мүмкүн болбой калгандыгы айтылууда.

Жыйынга массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн катыштыруу чечими 6-июнда кабыл алынды. Президент баш болгон бийлик бутактарынын жолугушуу маселеси 22-майда Жогорку Кеңештин жабык эшик артындагы жыйынында кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG