Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:47

ТЕГЕРАН БИЙЛИГИ ТААНЫМАЛ ДИССИДЕНТКЕ ОРУСИЯГА КЕЛҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРДИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Ирандык диссидент журналист Акбар Ганжиге Москвада «Эркиндиктин алтын калеми» сыйлыгы тапшырылды. Ага дейре Ганжи бийликти сындаганы үчүн беш жыл түрмөдө олтурган. Күтүлбөгөн жерден тегерандык бийлик анын гезитчилердин эл аралык чогулушуна барышына макул болуп, өлкөдөн чыгууга уруксат берген.

Быйыл март айында түрмөдөн бошонуп, бирок үй камагында олтурган ирандык адам укугун коргоочу Акбар Ганжи журналисттердин эл аралык «Эркиндиктин алтын калеми» сыйлыгына татыктуу болду. Анализчилер болсо аны бийлик өлкөдөн чыгарып ийбейт деп атышкан. Бирок мурунку аптада күтүлбөгөн жерден 46 жаштагы Ганжи чет өлкөгө барууга уруксат алган.

Кечээ кесиптештеринин алдында айткан кебинде «ирандык өкүмөттүн уранды каныктыруу боюнча жасап аткан аракети биздин эл үчүн абдан опурталдуу жорук. Анын акыры Ооганстан же Ирактагы согушка окшобогон өлкөнүн балуу жерлерин тыйпыл кылуучу согушка дуушар кылат. Мен ирандык өкүмөткө оппозициядамын, бирок мен кандай гана болбосун өлкөмдүн кыйрандыга учурашын калабас элем», - деген Ганжи.

Акбар Ганжиге «Эркиндиктин алтын калеми» сыйлыгын дүйшөмбү күнү Маскөөдө 1700дөй журналисттер көзүнчө тапшыруу болду.

«Бул сыйлык - азаттык жана адам укугу үчүн күрөшүп аткандар ишин буга дейре анча баалабай оюна келгениндей улам кайра киши өлтүрүүгө барып аткандардын жолун тороо үчүн жаcалган кадам болду», - деди Ганжи мырза.

Ал 2001-жылы журналисттик иликтөө жүргүзүп, ошонун негизинде, 1998-жылы көздөрү тазаланган беш диссидентти бийликтин кишилери мерт кылдырткан деген ой жыйындысына келген. Тегеран бийлиги болсо «аларды эки мамлекеттке тыңчылык кылгандар өлтүрүп келатат», - деген жооп айткан. Ганжи аларды өлтүрткөн жогорку кызматтагылар (бийлик ээлери – ММ) экенин 2000-жылдын этегинде Берлинде өткөн Ирандын келечегине арналган конференцияда айткан. Делегация кайтып келгенде ирандык сот (2001-жылы 13-январда – ММ) Акбар Ганжи менен анын котормочусу Саид Садрды он жылдан түмөгө кескен. Ал конференцияда сүйлөгөн Халил Ростамханини – тогуз жылга, студент Али Афшарини беш жылга кескен. Баарысын тең Иран мамлекетинин ишкердигин бүлдүрткөн деген кине менен кесишкен.

Анализчилер мурдагы президент-реформатор Мохаммад Хатаминин тушунда бийликти тарттырып ийбейли деп корккон исламчыл- консерваторлор иран басма сөзүнө чабуул жасаган учурда Ганжини кармашкан дешет. Ошондуктан реформаны аркалагандар үчүн Акбар Ганжи азыр да өлкөдө сот жана бийлик органдарында таасири күч консерваторлорго каяша айткан эр жүрөк журналист болуп көрүнөт дешет. Анын ысмы чет элде да таркалып дүйнөлүк көптөгөн саясий төбөлдөр анын абактан бошотулушу үчүн чакырык таштаганын айтышат. Ал тургай, 2001-жылы Иранга жасалчу ырасмий иш сапарын адам укугун коргоочу түрмөгө олтургузулганда Алманиянын ал кездеги канцлери Герхард Шредер буздуруп, Тегеранга барбай калган дешет.

Акбар Ганжини болсо Маскөөдөн ары Алмания, Италия андан ары Кошмо Штаттарына барып кетүү үчүн даярданып атканы маалым болду.

XS
SM
MD
LG