Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

ЖАРЫШ СӨЗДӨН ПРЕЗИДЕНТКЕ КАНДАЙ ДООМАТТАР ЖААДЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бүгүн өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев мамлекеттик бийликтин бардык бутактарын чогултту. Жолугушууга “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлдөрү катышкан жок. Парламенттин калган отузга чукул депутаты катышып жарыш сөзгө чыгышты.

Жолугушууну парламент спикери Марат Султанов алып барды. Алгач депутаттарга кайрылып, президентке суроолору болсо берип калууну өтүндү. Бирок, мамлекет башчыга суроо бергиси келген депутаттар жок болуп чыкты. Жарыш сөзгө кезек берилгенде алгач болуп депутат Муратбек Мукашев трибунага чыкты.

Депутаттын пикиринде учурда өлкөдө кырдаал оной эмес. Диний экстремизм, регионалдык бөлүнүүчүлүк жана Баткен окуясынын кайталануу коркунучу бар. Ал эми март ыңкылабынан бери мамлекетте олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок. Бийликтин орой кемчиликтери жана катачылыктарынан оппозициялык күчтөр чебер пайдаланып атышат. Муратбек Мукашев Бакиев-Кулов тандеминин юридикалык дагы, жигиттик дагы күчү жок деп белгиледи.

- Азыр тандемдин юридикалык күчү жок. Бирок анын жигиттик күчү бар деп айтып атышат. А менин оюмча жигиттик деген башка иштер менен ченелет го дейм,- деди Муратбек Мукашев.

Депутат Аксы окуясына токтолду дагы, бул ишти аягына чыгарып, качып кеткен экс- президентти кошо жоопко тартуу маселесин койду.

Андан кийин сөздү депутат Кубанычбек Исабеков алды. Анын пикиринде, Курманбек Бакиевдин командасында бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган саясат жок:-Айыл-айыл болуп көчүп кетип атышат. Жаштардын 70-80 пайызы чет жакта иштеп атат. Миграция ушул калыпта кете берсе сиз кары-картандардын президенти болуп каласыз го.

Депутаттардын көбү парламентти таркатуу аракеттерин жана Жогорку Кеңешти каралоо саясатын токтотууну талап кылышты. Бирок, депутат Акматбек Келдибековдун оюнча кеп президентте эмес, ал диалогго даяр. “Курманбек Салиевич, оппозициячыл депутаттар келбесе, сиз дагы бир жолу сүйлөшүүгө парламентке барып коюңуз, сиз эле утасыз» деп кеңеш берди. Акматбек Келдибековдун пикиринде, саясий тирешүүлөр сел, жер титирөө сыяктуу коркунучтуу кесепеттерге түртүшү ыктымал. «Көз ачыктар деле айтып атат го. Ушинтип тиреше берсек, тескери энергиянын баары табигый кырсыкка алып келиши ыктымал» деди Акматбек Келдибеков.

Депутат Давран Сабиров өзбек тилине ырасмий макам берүүнү президенттен талап кылды. Анын айтымында, тең укуктуулук үчүн орус тилинин катарында өзбек тили да турушу керек.

Буга жооп катары кийинирек сөз алган депутат Камчыбек Ташиев мындай деди:
- Менин шайлоочуларымдын 40 пайызы өзбек улутунда. Алар биз мындайды каалабайбыз, саясатчылар кур жерден ызы-чуу кылбасын деп атышат. Кесиптешим Давран Сабиров дайым ушул маселени көтөрөт. Менин шайлоочуларым дал ушул маселени депутаттарга айтып койгула деп атышат. Бир боордош элдерди кагыштырбаш керек,- деди депутат Ташиев.

Ошентип, жолугушууда саясий стабилдүүлүк, экономиканы көтөрүү, тышкы карыздан кутулуудан баштаган, митингдердин санын азайтуу, тигил же бул округдагы таза суунун жоктугуна, жер семирткичтердин жетишсиздигине чейин сөз болду.

Мындай форматтагы жолугушуунун болушуна түрткү болуп, бирок өздөрү келбей койгон реформачыларга ар кандай ойлор айтылды. Спикер Марат Султановдун пикиринде, реформачылар мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай сүйлөшүп калышса болмок.

Президенттик администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев болсо "Азаттыкка" эки тарап тең диалог жүргүзүүгө даяр деген оюн айтты. Бийлик реформачылардын 10 талабын четинен аткарып баштоого даяр.

«Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери бир күн мурда жыйын өткөрүп, түз ободо көрсөтүлбөгөндөн кийин бул жолугушууга барбай турганын билдиришккен.

XS
SM
MD
LG