Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

7-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1869-жылдын бу күнү Токмок уезддик начальниги майор Загряжский областтын аскер губернаторуна аймакта орун алган тартипсиздикке кабатырланган рапортун жолдогон. 1896-жылы Пишпек уездинин жакшылары Москва шаарында өткөн Николай II такка отуруу салтанатына катышып келишти.

1869-жылдын бу күнү Токмок уезддик начальниги майор Загряжский областтын аскер губернаторуна аймакта орун алган тартипсиздикке кабатырланган рапортун жолдогон. Майор Загряжский рапортунда, Верный уездинде жашаган казактар Пишпек уездинин кыргыздарынын малын уурдап, жерин басып алып кыянатчылык жасап атканы айтылат. Мындан тышкары, коңшулаш казактар Кичикеминге келип жер талашкандыгы жана алардын айрымдарын орус аскерлер жазалагандан кийин барып, тартипсиздик токтотулгандыгы, мындан ары алардын каракчылык аракетин токтотуу зарылдыгы баса белгиленет.

1896-жылдын бу күнү Жетисуу областындагы Пишпек уездинин жакшылары Москва шаарында өткөн Николай II менен анын жубайы Александранын такка отуруу салтанатына катышып келишти.

Империянын булуң-бурчтарынан келген ардактуу коноктордун айрымдарына, алардын арасында Шабдан баатырга көкүрөккө тагылчу күмүш медаль тапшырылган.

1906-жылы Пишпек жергиликтүү бийлиги шаардын түштүгүндө орун алган ичээр суунун запасы түгөнүп бараткандыгына байланыштуу кабатырланган билдирүү таратты. Пишпектеги суунун азайышы биринчи кезекте укуктук башаламандыктан келип чыккан. Шаарга берилчү суу участкасы жергиликтүү кыргыздардын колунда болуп, алар жерди бакчылык жана багбанчылык үчүн пайдаланган. Мындан улам суу булактарын тазалоого тоскоолдук жасалып, шаар тургундары болсо суу тартыштыгын туя башташкан.

Мындан туура 65 жыл мурун Чоң Чүй каналынын казылышында маанилүү археологиялык ачылыштар жасалган. Айрыкча, мындагы V-X кылымдарга таандык Византия жана Кытайдын шам чырактары, коло күзгүлөр, Орто Азиядагы эң ири нумизматикалык казына табылган.

1990-жылдын бу күнү борбор шаарда миңдеген адам катышкан митинг жана жаштардын жүрүшү жасалды. Алар бу жылдын 5-7-июнунда Ошто болгон улут аралык кагылышка нааразылык билдиришип, бейкүнөө шейит кеткен адамдардын өмүрү үчүн партиялык бийликти күнөөлөп, ага жол берген адамдардын жазаланышын талап кылышкан. Курчуган кырдаалды жолго салуу максатында, Кыргызстандын ошол кездеги партиялык жетекчилиги борбор шаарда коменданттык саат киргизген.

Бу күнү, 1340-жылы Роттердам шаары негизделип, 1794-жылы орус философу П.Я.Чаадаев, 1855-жылы селекционер И.В.Мичурин жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG