Вена шаарында 1-июнда өткөн жыйында АКШ, Алмания, Британия, Кытай, Орусия жана Франциянын тышкы иштер министрлери Иран маселесин талкуулап, анын өзөктүк куралга ээ болуу аракеттерин токтотуу үчүн Тегеранга бир нече экономикалык сунуш жасоону чечкен. Иран жетекчилери аны дароо четке каккан, президент Махмуд Ахмадинежад жана башка расми адамдар дароо - аскерий максатты көздөбөгөн өзөктүк изилдөөлөрдү жүргүзүүгө Иран укуктуу жана андай укукка Тегеран эл аралык мыйзамдардын негизинде ээ деп билдирген.
Анткен менен 6-июнда Евробиримдикте тышкы саясат үчүн жооптуу Хавьер Солана Тегеранга келип, өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани менен жолугуп, Батыш жасап жаткан сунуштар боюнча документтерди ага бергенден кийин, Иран жетекчилеринин жарыялары бир кыйла жумшарды.
Ларижанинин айтымында, жасалган сунуштарга айрым тактык киргизилсе, алар бир топ оң көрүнөт. Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучер Моттаки 7-июнда телефон аркылуу Жапониянын тышкы иштер министри Таро Асо менен сүйлөшкөндө дагы - ал сунуштарды Тегеран кылдат карап чыгат деп билдирди.
Ирандын андай жаңы турумун АКШ президенти Жорж Буш дагы колдоду: "Менин оюмча, бул өзү оң нерсе. Мен маселени дипломатиялык жол менен чечүүнү көздөйм. Америка, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана Алманиянын сунуштарын ирандыктарга жеткирип берген Хавьер Солананын аракетин мен жогору баалайм, алар дагы маселенин тынчтык ыкмалары менен чечилишин каалайт", - деди Буш.
Анткен менен айрым эксперттердин пикиринде, маселе эми Американын өзүндө чыгышы мүмкүн. "Уолл стрит жорнел" гезити 7-июнда жазып чыкканга караганда, эгер Иран уран байытуу иштерин токтотсо, Батыш өлкөлөрү ага жеңил сууда иштеген эң алдыңкы үлгүдөгү өзөктүк реакторлорду сунуш кылууда. Бирок андай алдыңкы технологияны Иранга берүүгө АКШ Конгресси жана Буштун өзүнүн партиясындагы айрым консерваторлор каршы чыгышы мүмкүн. Андай реакторлорду АКШнын "Женерал электрик" деген компаниясы иштеп чыккан жана алар Жапония менен Тайванда жасалат.
Андан тышкары, гезиттин жазышынча, Иранга - бир топ экономикалык жеңилдиктер берилет, ага Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө жардам көрсөтүлөт жана Иранда колдонулган америкалык учактарды алмаштырууга мүмкүнчүлүк ачылат. Ирандын авиациясы мурда негизинен америкалык үлгүдө түзүлгөн, бирок 26 жылдан бери эки мамлекет ортосунда дипломатиялык мамиле болбогондуктан, учактар эскирип бүттү.
"Уолл стрит жорнел" гезити дагы бир маселени көтөрүүдө. Анын айтымында, президент Билл Клинтондун өкмөтү ушундай эле ыкма менен Түндүк Кореяны дагы өзөктүк курал өндүрүүдөн баш тартууга көндүрүүгө аракеттенген. Пхеньян айтылган сунуштардын баарына макул болгон, бирок баары бир жашыруун түрдө өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн уланта берген.
"Вашингтон пост" гезити 7-июнда жазып чыкканга караганда болсо, Батыш тарабынан жасалган сунуштардын ичинде - айрым өзөктүк изилдөөлөрдү Иран өз аймагында да жүргүзө алат деген макулдук бар. Мурда болсо Батыш - Ирандагы бардык уран байытуу иштери токтотулууга тийиш деп айтып келген.