Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТИНИН КЫТАЙГА РАСМИЙ САПАРЫ БАШТАЛДЫ


Бүгүн кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Кытай Эл Республикасына расмий сапары башталды. Кыргыз президенти эки күндүк иш сапардын алкагында КЭРдин төрагасы Ху Дзиньтао баштаган расмий адамдар менен Кыргызстан менен Кытай ортосундагы өз ара саясий мамилелер, соода-экономикалык кызматташтык, маданий байланыштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү күтүлүүдө.

Бул президент Курманбек Бакиевдин Кытай өлкөсүнө жасап жаткан алгачкы, чет өлкөгө болгон экинчи расмий иш сапары. Жергиликтүү айрым талдоочулар президент Орусиядан кийинки иш сапарын бир чети кошуна, экинчиден Шанхай Кызматташтык уюмунун мүчөсү - Кытайга жасап жатышын кубатташууда.

Кыргыз-кытай жетекчилеринин жолугушууларынын натыйжасында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатындагы бир катар макулдашууларга кол коюлмакчы.

- Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташууну жана алакаларды мындан ары бекемдөөгө негиз боло турган биргелешкен декларацияга кол коюлушу күтүлүүдө. Мындан сырткары айыл чарба, агартуу, спорт, маданият жана башка тармактардагы кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлат. Дагы бир маанилүү документтердин бири- техникалык - экономикалык кызматташтык боюнча макулдашуу. Анын алкагында Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз грант бериши күтүлөт,- деди тышкы иштер министринин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков.

Нуржигит Кадырбеков ошондой эле бул сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн буга чейинки кызматташтык мамилелерине баа берилип, мындан аркы кызматташуунун багыттары аныктааларын белгиледи.

Саясат таануучу Орозбек Молдолиевдин айтымында, Кытай сыяктуу чоң өлкөлөр менен кызматташууда Кыргызстан өз кызыкчылыктарын эске алыш керек:

- Биздин президенттин Кытайга расмий сапар менен барганы, албетте, жакшы, туура кадам. Бирок чоң держава деп эле жүгүнө бербей, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды карап иш жүргүзүшүбүз керек.

Орозбек Молдалиев мындан сырткары Кытай Кыргызстанга эгемендик жылдарында бир топ экономикалык көмөк көрсөткөнүн белгилеп, бирок Кыргызстан бул өлкөнүн потенциалын жакшы пайдалана албай жатканын айтат:

- Кытай азыр кайсы жагынан албайлы абдан жакшы өнүгүп жатат. Ошону биз экономикабызды көтөрүүгө пайдаланышыбыз керек.

Президент Курманбек Бакиев расмий сапардын алкагында кытай ишкерлери менен да жолугушуп, бизнес форумга, жана маданий иш чараларга катышмакчы. Шанхай Кызматташтык уюмунун мааракелик жыйынын алдындагы кыргыз президентинин бул иш сапары 10-июнда соңуна чыгат.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG