Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

КУРМАНБЕК БАКИЕВ : ӨЗБЕК ТИЛИНЕ РАСМИЙ ТИЛ МАКАМЫ БЕРИЛБЕЙТ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Кыргызстанда өзбек тилине расмий тил статусу берилбейт. Бул жөнүндө Президент К. Бакиев 7-июнда Өкмөт үйүндө бийлик бутактарынын жолугушуусунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө бир жаңсыл билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстанда улуттар аралык тил катары орус тили гана кызмат кылат, көп улуттуу өлкөдө өзбек тилине расмий макам талап кылуу туура эмес.

Буга чейин түштүк дубандарда өзбек тилине ырасмий макам берүү талаптары айтылган. Бийликтин бардык бутактарынын жолугушуусунда парламенттин айрым депутаттары президентке ушундай талап коюшту. Бирок, коомчулукта бул маселени айрым кызыкдар саясатчылар атайын көтөрүп атышат деген ойлор басымдуулук кылат.

Шаршембиде өкмөт үйүндөгү жыйында дал ушул маселе да көңүл чордонунда болду. Депутат Давран Сабиров чыгып президенттен өзбек тилине статус берүүнү суранды. Депутаттын пикиринде, республикадагы көп сандагы улуттук азчылык болгон өзбек тили орус тили менен тең укуктуу турушу керек.

"Сиз көп улуттуу элдин бүткүл эл шайлаган президенти катары жана Конституциянын гаранты катары Сиз ушул тең укуктуулукту камсыз кылышыңыз керек", - деди Давран Сабиров.

Андан кийин сөз алган депутат Мамасаидов Президентке Улуттар Ассамблеясын башкарууга макулдук бергенине ыраазычылык билдирүү менен улуттук азчылыктардын маселесине назик мамиле жасоону суранды.

Ушул эле жолугушууда парламент депутаты Камчыбек Ташиев өзбек тилине расмий макамды өзбек улуту талап кылган жок, бул бирин - экин саясатчылардын гана оюну деген оюн билдирди. Депутаттын айтымында, анын округунда шайлоочулардын 40 пайызын өзбек улутундагы калк түзөт. “Ушул маселени көтөрүп аткан депутаттарга айтып койгула, жок жерден ызы-чуу кылышпасын деп айтып атышат” дейт Камчыбек Ташиев.

Президент Курманбек Бакиев ушул жыйында өзбек тили боюнча көтөрүлуп аткан маселеге дароо жооп берди. Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстанда улуттар аралык тил катары орус тили гана кызмат кылат, көп улуттуу өлкөдө өзбек тилине расмий макам талап кылуу туура эмес.

Кыргызстанда өзбек тилине ырасмий макам берүү маселеси маал- маалы менен көтөрүлүп турат. Депутат Садырбек Жапаровдун пикиринде, саясий упай топтогусу келген депутаттар өз кызыкчылыгы үчүн курал катары ушул суроону мезгил-мезгили менен пайдаланып турушат.

Кыргызстанда өзбек диаспорасынын негиздөөчүсү, БШКнын мүчөсү Тахир Сыдыков эгемен мамлекет катары эми телчигип келаткан мамлекетте мындай демилгелер орунсуз деп эсептейт:

- Кыргызстанда 80 ден ашык улут жашайт, анын улам бири биздин тилге макам бергиле дей берсе кандай болот. Мен бул демилгени колдобойм,- дейт Тахир Сыдыков.

Быйыл болсо 27-майда Жалалабатта митинг өтүп ага 700 дөй адам катышкан. Анда атайын резолюция кабыл алынып, кыргыз бийлигине ушул талап коюлган. Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Касым Чаргыновдун пикиринде, Кыргызстанда өзбек улутунун өкүлдөрүнүн укуктарына эч кандай чектөөлөр жок. Кыргызстанда учурда баш аягы 141 өзбек тилиндеги мектеп иштеп атат, андан сырткары 28 мектеп кыргыз - өзбек тилинде.

XS
SM
MD
LG