Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:59

'АЛ-КАИДАНЫН' ИРАКТАГЫ ЖЕТЕКЧИСИ ӨЛТҮРҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага 8-июнда Ирак парламенти күч колдонуучу министрликтердин жетекчилерин бекитти. Көптөн бери күтүлгөн бул чечим канчалык маанилүү болсо дагы, ирак эли жана дүйнөлүк коомчулук үчүн Багдаддан келген башка бир кабар өтө маанилүү болду. Өкмөттүн айтымында, "Ал-Каида" уюмунун Ирактагы жетекчиси Абу Мусаб аз-Заркауи өлтүрүлдү.

Абу Мусаб аз-Заркауи акыркы айларда өтө таасирлүү адамга айланган жана үстүбүздөгү жылдын февралынан тартып Иракта башталган диний аралык араздашуулардын артында да Заркауи турган деген маалыматтар бар. Февралда Самарра шаарындагы шийилердин Алтын мечитинде жарылуу болгондон тартып, суннилер өч алуу аракеттерин көрө баштаган жана ал кийин ири кагылышууларга алып келген.

Заркауи Ирактын сунни мусулмандарын шийилерге каршы кеңири күрөш жүргүзүүгө үгүттөп, ич ара согуш баштоону көздөгөн, апрелде болсо ал алгачкы жолу бетине чүмбөт кийбестен көрүнгөн: "Иракта Мужахеддиндердин жогорку кеңешинин негизделгени, кудай кааласа, исламдык мамлекеттин түзүлүшүнө алып келет жана Алланын сөзү бийлик кылат. Бул иш башталды жана Кеңеш бардык чыныгы жоокерлерге калканч болот. Андай ишти жетектеген Кеңештин мүчөсү болуу менен мен, 'ал-Каиданын' Ирактагы жетекчиси, бактылуумун", - деп билдирген Заркауи апрелде таратылган видеокайрылуусунда.

Дал ошол мезгилден тартып Ирактын өкмөттүк күчтөрү жана америкалык аскерлер Заркауинин артынан түшкөн жана 8-июнда премьер-министр Нури ал-Малики Заркауинин өлтүрүлгөнү жөнүндө жарыялады: "Бүгүн ал-Заркауи жок кылынды… Бул окуя - биз жарандардан дайым суранган кеңири кызматташуунун найтыжасынан келип чыккан жыйынтык болду. Карапайым эл полиция жана эл аралык аскерлерге тийиштүү маалымат берип, алардын акыркы сокку уруусуна мүмкүнчүлүк ачты", - деди премьер 8-июнда.

Жетекчиликтин айтымында, Заркауи атайын уюштурулган операция учурунда 7-июнда Багдаддын түндүк жагындагы Бакуба шаарынын алдында бомбалоонун натыйжасында өлтүрүлдү. Операция эки апта бою дардалган. Ирактагы америкалык аскерлердин жетекчиси генерал Жорж Кэйсинин айтымында, өлтүрүлгөн адам Заркауи экени аныкталды.

Жетекчиликтин пикиринде, эми Ирактагы айрым куралдуу топтор өкмөт менен кызматташууга өтүш керек, айрым эксперттердин айтымында болсо, өч алуу аракеттери да көрүлүшү мүмкүн. Америкалык жетекчилик мурда Заркауинин башы үчүн 25 миллион доллар берилет деп жарыялаган, ал сыйлык кимдир бирөөгө берилээр-берилбеши азырынча белгисиз.

8-июнда Ирак парламенти премьер сунуштаган үч адамдын жогорку өкмөттүк кызматтарга дайындалышын дагы бекитти. Шийи Жавад ал-Булани ички иштер министри болуп, сунни Абдул Кадер ал-Обейди Мохаммед Жассем коргоо министри жана шийи Ширван ал-Ваили улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик катчы болуп дайындалышты. Булани менен Ваили президент Саддам Хусейндин учурунда эле өкмөттүк армияда кызмат өтөгөн.

Ирак парламенти декабрда шайланган, бирок премьер-министр менен өкмөт мүчөлөрү май айында гана тандалган, ошондо дагы күч колдонуучу министрликтерди ким жетектеши тууралуу бир пикир болбогондуктан, алардын милдетин башка жетекчилер аткарып келген.

XS
SM
MD
LG