Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕКАРА ТИЛКЕСИНДЕ ЧЫР ЧАТАКТАР КӨБӨЙҮҮДӨ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Кыргыз-өзбек чегара тилкесинде чыр-чатактар көбөйө баштады. Чегарадагы жаңжалдардын көп орун алып жатышы, эки кошуна өлкөнүн чегарачылары жана жарандарынын ортосундагы мамилелеринин курчуп жатышынын себептери көп, кырдаалды жөнгө салуу үчүн жакынкы убакта эки өлкөнүн бийлик жана жарандык коомунун өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү зарыл, деп эсептейт жергиликтүү бей өкмөт уюм өкүлдөрү.

8-июнь күнү Араван районунун Төөмоюн айыл өкмөтүнө караштуу Өзбекстан менен чектешкен Найман чегара бекетинде өзбек жарандары менен кыргыз чегарачыларынын ортосунда жаңжал чыгып, чыр-чатакка айланып кете жаздаган. Кыргыз чегарачылары эскертүү катары асманга ок атканда гана топтолушкан өзбек жарандары таркап кетишкен.

Ош облустук акимчилигинин коргонуу жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнүн башчысы Абдувахап Кахаров чегарадагы жаңжалдын чыгыш себептерин мындайча түшүндүрүп берди:

- Өзбек жарандарын чегарачылар бул жерден өтүүгө мүмкүн эмес деп өткөрбөй коюшат. Экөө түртүшүп ортосунда жаңжал чыгат. Анан өзбек жараны тааныштарын жетелеп келип ортода талаш-тартыш болот.

Учурда Найман чегара бекетинде кыргыз жана өзбек чегара кызматтарынын жетекчилиги өкүлдөрүнүн ортосунда болуп өткөн окуянын себептерин аныктоо, күнөлүүлөрдү тактоо жана буга окшогон чегара чатактардын алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Абдувахап Кахаров мырза алдын ала иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча кыргыз чегарачылары мыйзамдын чегинде аракеттенгендигин айтып өттү:

- Болгон жаңжал боюнча бул жерде комиссия түзүлгөн. Биздин чегарачылардын кылган аракети мыйзам чегинде болгонбу, же болгон эмеспи, ошол боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп атат.

Ал эми Ферганадагы коопсуздук боюнча иш алып барган долбоордун жетекчиси Эркин Абдразаков мырза чегара чатактарынын көбөйүшүн өрөөндөгү ыңгайсыз абал катары баалап, кырдаалды жөнгө салуу үчүн жакынкы убакта эки өлкөнүн бийлик жана жарандык коомунун өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү зарыл деп эсептейт:

- Фергана өрөөнүндө жайгашкан мамлекеттердин бийлик бутактарынан, прокуратура органдарынан, чегара кызматкерлеринен, депутаттардан жана диний уюмдарынын жетекчилерин чогултуп бир диалогго алып келсек. Координациялык кеңешти чектеш кошуна райондордун масштабында жүргүзбөсөк болбойт. Мамлекеттик бийлик Бишкекте отуруп алып команда бергенден пайда жок.

Эске сала кетүүчү жагдай, Найман бекетиндеги чыр-чатак эсеп боюнча акыркы эки ай аралыгында кыргыз- өзбек чегара тилкесиндеги үчүнчү окуя болуп калды.

XS
SM
MD
LG