Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Кол өнөрчүлүктүн өнүгүшүнө тиешелүү мыйзамдык-укуктук базанын жоктугу тоскоол болууда


БИШКЕК.. Мындай пикирлер бүгүн Бишкекте өткөн кол өнөрчүлөрдүн республикалык биринчи курултайында айтылды. Курултайда сөз сүйлөгөндөр кыргыз эли руханий мурасты чагылдырган кол өнөрчүлүк салтына ээ экенин белгилешип, ага болгон мамилени өзгөртүү зарылдыгын айтышты. Акырында курултай катышуучулары президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алышты. Анда кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү концепциясын, бул өнөрдү өнүктүрүү жана колдоо боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу сунуштары айтылган. Республиканын өнөрчүлөр кеңеши уюштурган бул курултайга мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, маданият министри Султан Раев жана айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG