Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

МАСКӨӨДӨ ТАЖИК УЛУТУНДАГЫ СТУДЕНТТЕРДИ МИЛИЦИОНЕРЛЕР САБАП КЕТИШТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада тажик студенттерди ырайымсыз сабаганга байланыштуу Тажикстан жумурияты Орусияга бушайман болгондугун билдирди. Тажикстандын тышкы иштер министри тийешелүү нотаны Дүйшөмбүдөгү орусиялык элчи Рамазан Абдулатиповго тапшырган. Ишемби күнү Москванын прокуратурасы Башкаруу университетинин жатаканасына кирип барып алты тажикстандык студенттерди сабап кетти деп шек алдырган милиция кызматкерлердин үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Кайсы бир анализчилердин болжолунда студенттерди сабап кетүү улуттар арасында касташуудан улам болгон.

Ишембиде, 10-июнда «Выхино» бөлмүнүн милиционери кармалды. ИНТЕРФАКС жазганга караганда аны шаршемби, 7-июнь күнү кечинде тажик студенттерди жатаканасына кирип барып сабагандар арасында болгон деген шек менен кармаган. Метронун «Рязан проспектиси» станциясынын жанындагы Мамлекеттик башкаруу университетинин жатаканасында ал кечте алты тажик студентти сабап кетүү болгон. Ал боюнча кийин «каракчылык» жана «ээнбаштык» беренелери астында кылмыш иши козголгон.

Маскөө прокуратурасынын өкүлү Сергей Марченко айткан ырасмий пикир боюнча «шаршемби күнү кечки саат сегиз ченде жатаканага эшигин тыкылдатып киришкен алты милиционер студенттерди оңду солду тепкилеп, жанчып уруп, кетеринде бирөөнүн чөнтөк телефонун кармай кетишкен». Ошолорду издөө болуп атканын мурунку күнү ал мамлекеттик үналгыдан айтты:

«Тажиктерди ургандардын бирөө кармалды. Ал «Выхино» ОВДда иштеген милиционер болуп чыкты. Ага кылмыш кылгандыгы үчүн айып коюлду», - деди Марченко мырза.

Ордо калаанын милиция башкармасынын ырасмий өкүлү Евгений Гильдеев айтканга караганда, «бул жаңжалда улуттар арасындагы касташууга окшогон эч нерсе жок». Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Талбак Назаров бул окуя боюнча анын өлкөсү терең бушайман болгонун билдирген катты Орусиянын ыйгарым элчисине тапшырган.

Тажикстандын Орусиядагы элчисинин ырасмий өкүлү Мухаммад Эгамзод «Азаттык» үналгысына мындай ой айтты:

«Бул жаңжал Тажикстандын Маскөөдөгү элчилигин олуттуу бушайман кылды. Биздин студенттер үстүнөн болгон окуяга окшогон жоруктар көңүлгө так калтырбай койбойт. Ал жоруктар нааразылыктарды Тажикстанда пайда кылып атат. Ниети түз орусиялыктар да буга окшогон оюна келгенди жаcоону колдобойт. Мен сизге айта кетейин, чындыгында, ар апта сайын Орусиянын ар кайсы булуң-бурчунан тажикстандык жаран жабыр тартты же өлтүрүлдү деген маалымат алып турабыз», - деди Эгамзод мырза.

Университеттин жатаканасына кирип барып тажик студенттерди сабап кетүүнү сырттан көз салуучулар мурда боло элек кыжырды кайнатар жорук болду дешүүдө. Бул жолу славян элине окшобогон тажик студенттерин демейдегидей скинхэддер эмес жалпы элдин, алардын катарында, чет элдик атуулдардын коопсуздугун сакташ үчүн уюшулган мамлекеттик түзүлүштүн өкүлдөрү сабап кетиши жаман жышаан деп айтышууда.

Баса, кечээ тажик студенттерди сабоого катышкан милиционерлердин дагы бири кармалганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG