Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

КЫЙМЫЛДЫН БААРЫ КҮН ЧЫГЫШКАБЫ?


Президент Курманбек Бакиевдин Кытайга жасаган сапары учурунда, Кыргызстан менен Кытай 14 келишимге жетишти. Бишкек улуу коңшусу менен экономикалык багытта кызматташууга артыкчылык берүүнү көздөөдө. Саясатта болсо тараптар сепаратизм, терроризм жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүнү жакташууда. Кытайга сапар менен барган кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, биринчи вице премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов менен тышкы иштер Аликбек Жекшенкулов 12-июнда маалымат жыйынын өткөрүп, сапардын жыйынтыгы тууралуу айтып беришти.

Данияр Үсөнов жана Аликбек Жекшенкуловдун билдирүүсүнө караганда, президент Курманбек Бакиевдин Кытай эл республикасына мамлекеттик сапары ийгиликтүү болду. Анда 14 келишимге жетишилди. Анын ичинде Кыргызстан менен Кытай мамлекетинин биргелешкен декларациясына эки президент кол койду. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун сөзүнө караганда, учурда Кыргызстан менен Кытайдын мамилесинде бир да түшүнбөстүк, чечилбеген маселе жок. Бишкек менен Пекин эки тараптуу да, Улуттар Уюмунун, Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында көп тараптуу кызматташууларды да өнүктүрүүнү туура таап турушат. Ошондой болсо да Декларацияда кыргыз-кытай чек ара келишимдери жана алардын тархый мааниси жөнүндө сөз козголгон. Бул маселе чечилгенине карабай, ага кайрылуунун себебин Аликбек Жекшенкулов мындайча түшүндүрдү:

"Жаңы бийликтин келиши себеп болду. Анткени өткөн жылы март айынан кийин бул маселени көтөрүүнү каалагандар чыккан. Массалык маалымат каражаттарына да жазылган. Ошондон кийин президент Курманбек Бакиев жаңы бийлик мурда кабыл алынган милдеттенме, жетишилген келишимдерди аткараарын билдирген. Ошондуктан чек ара келишими декларацияда дагы бир ирет тастыкталды".

Президент Бакиевдин сапарынын экономикалык багыттагы жыйынтыктары тууралуу биринчи вице премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов айтып берди. Анын айтымына караганда, расмий делегация менен кошо Кытайга отузга чукул кыргыз ишкери барды. Кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдө Кытайда завод куруп жаткан «Шоро» фирмасынын кызыкчылыгын коргоого аракет жасады. Ошондой эле РЕЕМТСМА компаниясынын тамекилерин Кытай рыногуна чыгарууга кадам ташталды. Андан сырткары суйлөшүүлөрдө жана бизнес форумда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, кытай инвестициясын тартуу боюнча кеңири сөз болгон. «Кыргызтелекомго» инвестиция тартуу, Кызылкыя цемент заводун куруу маселелери тууралуу Данияр Үсөнов буларды белгиледи:

"Сапар учурунда «Түштүк кыргызцемент» компаниясы менен Кытайдын Эксимбанкынын ортосунда 70 миллион доллар өлчөмүндө кредиттик макулдашууга кол коюлду. Андан сырткары биз «Кыргызтелеком» менен «Хуавэй» компаниясынын ортосунда 29 миллион долларлык келишимге жетишүүгө аракет жасадык. Биз муну менен «Кыргызтелекомду» менчиктештирүүнүн алдында капиталдаштырып, анын баасын ондогон эсеге көтөрөйлү деп жатабыз".

Кытай тарап 2005-2006-жыл ичинде дээрлик бир миллиард сомдук гранттык жардам көрөтүүдө. Ал каражатка Кытайдан айыл чарба техникалары алынып келинет, Улуттук госпиталь оңдолуп, ондон ашуун мектеп салынат, жолдор курулат, деп белгиледи Данияр Үсөнов.

Кыргызстен менен Кытайдын соодасы 2005-жылы 2004-жылга караганда эки эсе өсүп, жалпы көлөмү 1 миллиард долларга жеткен. Кыргызстанда 617 кытайлык, 156 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы иш жүргүзүүдө.

Маалымат жыйынын жыйынтыктаган жогорку даражалуу мамлекеттик эки кызматкер, президенттин алгачкы расмий сапары Россияга, экинчи сапары Кытайга жасалды. Эми Казакстан, Түркияга жасалат. Мына ушул сапарлардын иретине карап, Кыргызстандын саясий-экономикалык кызматташууда коңшу мамлекеттерге артыкчылык берип жактанын байкасак болот деп белгилешти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG