Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:50

ИЗРАИЛЬ МЕНЕН ПАЛЕСТИН СОГУШКЕРЛЕРИ БИРИ-БИРИНЕН ӨЧ АЛУУГА КЕКЕНҮҮДӨ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Израилдик аскерлер менен палестин согушкерлеринин ок атышуусу уланууда. Ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери сандаган палестиндер курман болуп, бир нече израилдик атуулдар жарадар болушту. Бир жылдан ашык созулган тынчтыктын бузулушуна Газада бир палестин үй бүлөсүнүн израилдик аткылоого кабылып, жети кишинин тең курман болгондугу себеп болду. Бирок уланып жаткан ок атышууга карабастан Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас 10-июнда жасаган билдирүүсүндө Палестин мамлекетин түзүү жөнүндөгү маселе боюнча референдум өткөрүүгө чакырды. Эгерде бул референдумдун жыйынтыгы оң чыкса, Хамас Израил мамлекетин кыйыр түрдө болсо тааныган болот.

Палестин президенти Махмуд Аббастын 10-июнда Раммалах шаарында жарыялаган жардыгы боюнча референдумду 26-июлда өткөрүү пландаштырылат. Хамас партиясы жетектеген палестин өкмөтү президенттин бул жарлыгына караманча каршы экенин билдирип, добуш берүү болгон күнү да ага катышпай тургандыгын кайталоодо. Палестин парламентинин депуттарынын бири Мушыр Ал-Масри жарлыкты Хамас жетектеген өкмөттү "төңкөрүү аракети" деп сыпаттады. Автономияда жүргүзүлгөн пикир сурамжылоо Махмуд Аббастын Палестин мамлекетин түзүү сунушу көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло турганын айгинелөөдө. Ал эми эгемен Палестин мамлекетинин түзүлүшүн таануу менен бийликтеги Хамас Израилдин мамлекеттүүлүгүн кыйыр болсо да тааныган болот.

Хамасчылар өткөн жумада Газада болгон кандуу калаба үчүн Израилден өч алууга кекенүүдө. Өткөн аптанын жумасында Газа тилкесинде болгон киши өлтүрүүгө кыжырданган миңдеген палестиндер демонстрация өткөрүштү. Хамастын өкүлү Сами Абу-Зухри мындай мыкаачылыкты унчукпастан макул алууга болбой турганын айтты:

"Исламдык каршылык көрсөтүү кыймылы уюштурган бул демонстрация палестин эли өз укуктары менен принциптерин коргой турганын көрсөтүүдө. Бул демонстрациялар биз күрөш жолун тандап алганыбызды ырастайт. Жазыксыз балдар менен аялдардын өлтүрүлүшүн, жардам сурап жалынган кызды көрүп туруп, унчукпай койо албайбыз",- деди Зухри.

Израилдин коргоо министри Амир Перец президент Аббаска жиберген катында Газа тилкесинде бейкүнөө адамдардын курман болгондугуна өкүнүчүн билдирип, окуяны иликтеп, күнөөлүүлөрдү таптыра турганын билдирди.

Ал эми анын аралыгында, эки тараптын ок атышуусу уланууда. 11-июнда израилдик аскерлер Палестин согушкерлерине абадан сокку уруп, эки согушкерди жок кылды. Аткылоодон бир нече кишинин жаракат алгандыгы маалымдалат. Андан мурдараак болсо Газа тилкесинде согушкерлер Израилдин аймагын ракеталар менен аткылап, андан бир жөөт оор жарадар болду. Ошол эле күнү израилдик аскерлер палестиндердин автомашинесине ок ачып, андан бир нече киши жаракат алды. Израилдик тарап согушкерлер бараткан машинени аткылаганын маалымдоодо.

Өз кабарчыбыздын Газадан маалымдашынча, эгерде палестиндер Израилдин аймагын аткылаганын токтотушпаса, аларга каршы катуу чара көрүүгө кекенди.

XS
SM
MD
LG