Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

ШАНХАЙ УЮМУНУН АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИ АЛАТООДОН ЧЫГАРУУ ТАЛАБЫНА КЫРГЫЗСТАН ТУРУШТУК БЕРЕБИ?


14-15-июнда Кытайда Шанхай кызматташуу уюмунун кезектеги саммити болот. Ага Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев баш болгон делегация катышат. Өткөн жылы Астанада болгон ШКУнун саммитинде Манас аба майданынан америкалык аскерий базаны чыгаруунун мөөнөтүн тактоо талабы коюлган эле. Уюмдун кезектеги саммитинде ал маселе көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Шанхай кызматташуу уюмунун кезектеги саммити юбилейлик деп аталууда. Анткени, 2001-жылы 14-15-июнда Шанхай шаарында Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Шанхай кызматташуу уюмун түзүү тууралуу келишимге койгон. Уюм түзүлгөнгө чейин 1996-жылы беш мамлекет: Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан «Чек араларда аскерлерди кыскартуу жана өз ара ишенимдүүлүктү камсыздоо боюнча» келишимге жетишип, анын алкагында кызматташып келген. Ал кызматташуу мындан беш жыл илгери ШКУнун түптөлүшүнө алып келген.

Кыргызстан бул уюмдун алкагында экономикалык кызматташууга артыкчылык берип келатканы белгилүү. Бирок өткөн жылы Астанадагы саммит учурунда Шанхай кызматташтык уюму Манас аба майданынан америкалык аскерий базаны чыгаруу мөөнөтүн тактоо маселесин коюп, Кыргызстандын Батыш менен мамилесин оңтойсуз абалга кириптер кылган.

14-15-июнда Шанхайда боло турган саммитте база маселеси кайрадан козголбойбу деген суроо менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго кайрылдык.

"Бул жөнөкөй маселе эмес. Тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүүдө ал көтөрүлгөн жок. Шанхайга шаршемби күнү жөнөп кетебиз. Саммитте биз өзүбүз ал маселени көтөрбөйбүз, башкалар эле көтөрүп калбаса. Башкалар көтөрсө, биз кыргыз элинин кызыкчылыгына карап чечим кабыл алабыз",- деп жооп кайтарды Аликбек Жекшенкулов.

Белгилүү болгондой, жакын арада Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрү Манастагы америкалык аскерий базасы боюнча сүйлөшүүнүн экинчи этабын баштайт.

Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Рашид Тагаевдин айтымында, америкалык аскер базасынын тагдырын Кыргызстан менен АКШ эки тараптуу түрдө чечет жана Кыргызстан жетекчилиги мындай позицияны карманганга эрки жетет:

"Менин оюмча эрки жетет. Президенттин позициясы бара-бара такталып, ыгына түшүп келатат. Кытайда болгон учурда мен ага күбө болдум".

Ал эми «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында Кыргыз бийлиги Шанхай уюмунун талабы катуу коюлса, ага туруштук бере албай калышы мүмкүн:

"Бирок, туруштук бериш керек. Антпесе болбой калат. Бир беткей, бир тараптуу саясатка ыктап баратабыз, мунун аягы жакшы болбой калышы мүмкүн.Ошондуктан көп полярдуу, көп багыттуу геосаясат жүргүзүшүбүз керек".

Юбилейлик деп аталган Шанхай саммитинин күн тартибине саясий, экономикалык жана маданий багыттагы маселелер коюлуп жатат. Саммитте терроризмге каршы күрөш, ШКУнун аймагында тынчтыкты камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бөлүнөт жана ШКУнун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, жакшыртуу жөнүндө сөз болот, деп белгиледи Кыргызстандын тышкы иштер министри.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG