Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

13-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1758-жылы Цин Кытай армиясы Турфандын чыгып, Кучага кол салган. 1860-жылдын бу күнү ысыккөлдүк бугулар курултай өткөрүшкөн. 1924-жылдын бу күнү Орто Азияны райондоштуруу боюнча комиссия уюшулду.

1758-жылы Цин кытай армиясы Турфандын чыгып, Кучага кол салган. Ошентип, муну менен бирге Кытай мамлекетинин Чыгыш Түркстандагы басып алуу саясаты башталган.

Цин бийлиги башынан тарта эле мындагы кожолор менен кыргыз урууларынын мамилесин тактоого аракет жасашкан. Алар кыргыздар менен кожолор арасындагы ар бир пикир келишпестикти өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет жасашкан.

1860-жылдын бу күнү ысыккөлдүк бугулар Курултай өткөрүшкөн. Курултайда бугулардын чоң манаптык бийлик маселеси каралып, жогорку кызмат орду манаптардын шайлоосунда чечилген. Чоң манаптык бийликке Качибек Шералиндин талапкердиги туура табылып, ал шайлоодо жеңип чыккан. Качыбек баатырга жардамчылык кызматка Сарпек Саскин дайындалган.

1860-жылдын бу күнү бугу манаптары Чоң манаптыкка өткөн шайлоо туурасында Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго кат жолдошкон. Катта Качибек манаптын «укукту жогору баалаган артыкчылыгы жана улук өкүмдарга ак дилден өтөгөн кызматы» белгиленет. Катка бугу манаптары кол коюшуп, аны жеке мөөрлөрү менен бекитишкен.

1924-жылдын бу күнү Орто Азияны райондоштуруу боюнча комиссия уюшулду. Комиссияга жаңы мамлекеттик түзүлүштү орнотуу жана мындагы этникалык өзгөчөлүктү эске алып өлкө аралык чекти белгилүү, кайсыл жер кимдин ээлигине өтө тургандыгын тактоо сыяктуу милдеттер жүктөлгөн. Комиссияга белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер жана Орто Азия тарыхын мыкты билген тарыхчы-адистер тартылышкан.

1928-жылдын 13-июнунда Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар Кеңеши чегирткеге каршы күрөшүү үчүн милдеттүү эмгек мөөнөтүн киргизди. Бу убакта чегирткеден запкы тарткан аймактар деп Фрунзе жана Нарын кантондору, ошондой эле борбордун чет жакасындагы чарбалар табылып, адамдар ал аймактагы зыянкечтерге каршы көрүшүүгө бөлүнгөн.

Бу күнү фашисттик Германияда Гестапо жашыруун полициясы уюшулган; 1831-жылы англис физиги Жеймс Максвелл, 1954-жылы англис инженери Чарльз Парсонс, 1909-жылы котормочу Сүйүнбек Бектурсунов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG