Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

КЫТАЙДА ДАГЫ БИР КОРРУПЦИЯ ЧАТАГЫ ТУТАНДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Өткөн жумада Кытайдын өкмөтү Бээжин шаарынын акиминин орун басары Лиу Жихуаны коррупцияланган деп күнөөлөп, кызматынан алды. 57 жаштагы саясатчы Ли Жихуа 2008-жылы өтө турган олимпиада оюндарына карата даярдык көрүү боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы болучу. Байкоочулар коррупцияга бйланыштуу чыккан бул чатак пара жеди жана кызмат абалынан кыянат пайдаланды деген кине менен 90-жылдардын орто ченинде кызматынан алынган Бээжин акими Чең Кситоңдун ишинен кийинки эле эң чоң чатак экенин айтып жатышат.

Байкоочулардын пикиринде, Ли Жихуага байланыштуу чыккан чатак 2008-жылы өтө турган олимпиада оюндарына деп каралган 40 миллиард доллардай акчанын максатсыз сарпталуусуна байланышкан имиштердин чыныгы бетин ачат. Аталган каражаттар өкмөт тарабынан олимпиада стадионунун курулушу менен айлана-чөйрөнү коргоо иштерине бөлүнгөн. Былтыр сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде чиновник спорттук обьекттердин курулушунда өкмөттүк органдар чынчылдык менен принципиалдуулуктан тайбай турганын убада кылган.

Ли Жихуага тагылып жаткан айыптоолордун чын-төгүнү менен майда-чүйдөсүн ырастаган маалыматтар али ачыктала элек, бирок азыр анын "компартия мүчөсүнө жана мамлекеттик чиновниктин бейнесине кайчы келген жүрүм-туруму" териштирилип жатат. Синьхуа кабар агенттигинин Бээжиндин Элдик Конгрессинин аныктамасына шилтеме берип маалымдашынча, ал кетирген "каталардын бети айныксыз" ачылды. Иши тергөөгө өткөрүлүп берилгенге чейин Лиу партиянын мүчөлүгүнөн чыгарылмакчы. Лиунун кызматтан алынышы күтүүсүз окуя болду. Анткени ал өткөн бейшембиде эле июль айына белгиленген жергиликтүү спорттук оюндарга даярдык көрүү комитетинин башчысы болуп дайындалган болучу.

Коррупция Кытайда жайылган көрүнүш жана анын башаты көп учурда партия жетекчилигинде жана өкмөттүк жогорку даражалуу кызматтарда иштеген таасирдүү адамдардан келип чыгат. Мындан эки жылдай илгери Бээжиндин жол куруу башкармалыгынын жооптуу кызматкери кызмат абалынан пайдаланып, олчойгон пара жеди, деген кине менен ишинен алынган.

Бирок, кытайлык байкоочулар пара жеди жана коррупцияланды деген кызматкерлердин айрымдары партия жетекчилигиндеги топтордун ич ара атаандаштыгынан келип чыккан көмүскө оюндардын курмандыгы болуп жатканын боолголошот. Өкмөт 2008-жылкы олимпиадага даярдык көрүүдө жең ичинен жүргүзүлгөн иштерге жол берилбейт деп убада кылганы менен, спорттук обьекттер менен аларга байланышкан инфраструктураны каржылоонун майда-чүйдөсү көмүскөдө кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG