Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Жогорку сот төртүнчү өзбек бозгунуна качкын макамын берүүдөн баш тартты


БИШКЕК. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Адилет» укук коргоо борборунун башчысы Чолпон Жакупова билдирди. Буга чейин үч качкынга байланыштуу да ушундай эле чечим чыккан. Жергиликтүү укук коргоочулар менен айрым эл аралык уюмдар өлкө бийлигинен өзбек бозгундарын Өзбекстанга кайтарбоону жана үчүнчү өлкөгө чыгарууну суранып келишкен. Баш прокурор Камбаралы Конгантиев буга дейре алардын маселеси соттун акыркы чечимине жараша чечилээрин билдирген. Былтыркы Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанда баш пааналап, кийинчерээк үчүнчү өлкөгө чыгарылып кеткен мекендештеринен бөлүнүп калган бул төрт атуулду өзбек тарап киши өлтүрүүгө катышкан деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG