Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕГАРАСЫ БОЮНЧА КЕЛИШИМ ПАРЛАМЕНТТЕН КОЛДОО ТАППАДЫ


Кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы тууралуу келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 13-июнда каралып, депутаттардын колдоосуна ээ боло албады. Эл өкүлдөрү 2001-жылы 15-декабрда экс-президент Акаев тарабынан кол коюлган келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгына көңүл бурулбай калган деген чечимге келишти. Келишим боюнча депутаттык иликтөө жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Тышкы иштер министринин айтуусунда кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы Казакстан тарап менен макулдашылып, 1930-жылдагы жана 1961-жылдагы документтердин негизинде делимитация болгон. Жогорку Кенештин депутаттары кыргыз-казак мамлекеттик чегарасы тууралуу келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн бир топ талаш аймактар арбын деген пикирлерин айтышты. Талас облусундагы гранит чыгуучу таш карьери, Чүй облусуна караштуу Чөмүч суу сактагычындагы суу бөлүүчү диспетчердик түйүн сыяктуу стратегиялык мааниси бар аймактар Казакстанга берилип калган, дейт депутат Мурат Жураев :

”Ушундай стратегиялык мааниси бар жерлерди берип коюп, алардан бир аз ашыгыраак аймак алганыңарга мактанып атасыңар. Мына казактарга 4000 гектар жер кетип, бизге 6000 гектардан ашык алдык дейсиңер. Ошол биз алган жердин 1000 гектардан ашууну жалаң мөңгү жаткан тоонун чокусу. Кимге кереги бар анын?”

Депутаттардын айтымында, аталган келишимде Каркыра жайлоосу да негизинен казактарга тиешелүү болуп бөлүнүп калган. Депутат Садыр Жапаров казак тарап жыл өткөн сайын ичкерилеп кирип келе жатканын айтып кетти. Анын сөзү боюнча учурда Каркыра жайлоосундагы казактардын бажыканасы турган жер чегарадан 8 чакырым ичкери кыргыз жеринде турат:

“Казактар ошол берилеп кирип алган жерине мына бул Акжол бажы постунан бетер кылып, заңгыратып бажы постун куруп алышкан. Биздики жок. Себеби ал жакка биздикилер каттабайт. Кар түшүп, жол эрте эле жабылып калат. Ушундан пайдаланып, алар эрте жаздан тарта бажыкана салып, тургузуп алган. Биз жердин баарын ушинтип алдырып ийгенбиз”,-деген Садыр Жапаров чегара маселесин чечүүдө кыргыз өкмөтү кайдыгер мамиле жасаган деп айыптады:- «Жанагы Казакстанга берилген 4 миң гектар жер дал ошол бажы посту турган жер. Малга чөп чаап алууга жарай турган, мал жайлай турган түз жерди казактарга берип салып, өзүбүз тоо-ташты алып отурабыз. Мунун баары кайдыгер мамиленин айынан болуп жатат”.

Садыр Жапаров июль айынын башында Жогорку Кеңештин атайын көчмө отурумун өткөрүүнү көздөп жаткандыгын маалымдап, бул келишимди ратификациялоону депутаттык иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин күзүндө кароону
сунуштады.

Өкмөт алдындагы аймактык маселелер бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов депутаттардын чегара маселесин чечүүдө кыргыз өкмөтү кайдыгер мамиле жасаган деген пикирлерин четке какты:

«Чегара маселеси өзү чырлуу маселе. Дайыма ушинтип чечилет. Бирок кыргыз-казак чегарасын жерине барбай эле бул жактан отуруп алып, чечип коюшкан деген пикирлер туура эмес. Биз укуктук документтердин негизинде иш жүргүзгөнбүз. Жайлоолорду же эки тарап мурдатан пайдаланып келген жерлерди алмаштыруу—дүйнөлүк практикада колдонулуп келген ыкма. Адис катары биздин бул маселенин туура чечилген деп гана айтууга болот”.

Парламент кыргыз-казак чегарасын ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору кайрадан парламенттин эл аралык иштер комитетинде иштелип чыгууга тийиш деп таап, мыйзам долбоорун колдоодон баш тартты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG