Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

ӨКМӨТ ПАРЛАМЕНТТИ УКПАДЫ, ПРЕЗИДЕНТ КИЙЛИГИШҮҮСҮ ЗАРЫЛ


Парламент депутаттары Жерүй жана Талдыбулак алтын кендерине байланышкан маселени бир жаңсыл чечүүгө президенттин киришүүсү зарыл деп эсептешүүдө. Анткени, алтын кендерин чет элдик инвесторлорго тендер аркылуу берүү жөнүндө парламенттин талабын өкмөт аткарбай баш тартууда.

Учурда өкмөттө Жерүй, Талдыбулак кендерин иштетүү үчүн биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө токтомду күчүндө калтырган токтом долбоору даярдалууда. Парламентарийлер мындай токтомдун кабыл алынышы экономикалык эле эмес, саясий жактан да олуттуу проблемаларды жаратышы ыктымал деп болжошууда. Анткени, өкмөттүн 23-майда кабыл алган ошол токтому «Кен байлыктары жөнүндөгү» мыйзамга каршы келет деп, Жогорку Кеңеш аны жокко чыгарган. Май айынын этегинде премьер министр Феликс Куловдун катышуусунда өткөн буга байланышкан талкууда Жогорку Кеңеш аталган алтын кендерин иштетүүчү ишканалар тендер жолу менен ачык тандалып алынышы керек деп, өкмөт тарабынан тандалып алынган «Глобал голд» ишканасы менен макулдашууга таккесе каршы чыгышкан.

Бирок, өкмөт өз кезегинде жаңы келишим Кыргызстандын экономикасына олуттуу пайда алып келерине ишенет. Өкмөт менен «Кыргыз алтын» ишканасы ушундай бекем ишенимде турушат.

Өкмөт менен парламент ортосунда түзүлгөн мындай жагдай депутаттардын маселеге кайра кайрылышын да шартташы мүмкүн. Маселен, Темир Сариевдин айтымында мыйзам чыгаруу бийлигинин тигил же бул чечимдерине маани берүүгө аткаруу бийлиги милдеттүү жана ал ишке ашпай калган шартта парламент бул маселени териштирүүнү президентке жана конституциялык сотко сунуштоого мажбур болот:

-Президент бул маселеге кийлигишүүсү зарыл. Анткени, Конституциянын негизинде президент өзүнүн буйругу менен, эгер өкмөттүн чечимдери мыйзамдарга каршы келсе, аны токтотуп же кайра карап чыгууга буйрук бере алат. Бул жерде Конституциялык Сот да ишин жүргүзүш керек.

Анткен менен тараптар бири-бирин мурдагы же кийинки компанияларда кызыкчылыктары бар деген кине коюп жатышат. Маселен, премьер министр депутаттар арасында парламентте «Оксус голд» компаниясына кызыкдар тарап бар экенин «Реформа үчүн» кыймылы койгон талаптарга телеберүү аркылуу жооп берип жатып кыйыткан.

-Парламент ичинде кээ бир депутаттар болуп калышы мүмкүн. Мындай тарыхта боло жүргөн. Бирок, парламент толугу менен мындайга эч качан барбайт,- деди депутат Сайдилла Нышанов.

Депутаттар тескерисинче, өкмөттөгү таасирдүү жетекчилердин «Глобал голд» компаниясы менен ачыкка чыгарбай турган макулдашуулары болушу ыктымал деп боолгошот. Кыргызстандын тоо кенчилер ассоциациясы да өкмөттөгү айрым адамдардын жеке кызыкчылыгы бар экенине ишенип турат. Уюмдун башчыларынын бири Орозбек Дүйшеев өкмөт жактап жаткан жаңы компания жалпы улуттук кызыкчылыкка иштеп берерине караманча ишенбейт. Анын үстүнө бул компания үч жылдан кийин араң реалдуу өндүрүш менен алектене баштайт. Бул жагынан деле жаңы ишкана «Оксус» компаниясынан өөдөчүлүгү бар деп айтуу кыйын. Ушинтип бүшүркөгөн ассоциация өз алдынча иликтөө жүргүзүп жатат. Таластагы алтын кендерине байланышкан талаш маселени парламенттик комиссия да иликтеп, бирок, аягына чыга элек.

Бул аралыкта «Оксус» компаниясы да мурдагы ордун калыбына келтирүү камында. Түшкөн пайданын жарым жартылайын кыргыз тарапка ыйгарган жаңы келишим долбоорун өкмөткө сунуштап жатканын ишкана жакында жарыялады. Өз милдеттенмелерин так аткарбай жатат деген негиздеме менен өкмөт бул ишкана менен кызматташуудан баш тарткан. Буга байланыштуу президент Курманбек Бакиевдин атынан Британ өкмөт башчысы Тони Блэрдин наамына да кат жолдонгон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG