Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

ШАНХАЙ УЮМУ УЙГУР ЖИКЧИЛЕРИНЕ КАРШЫ КҮРӨШӨТ


Эртең,15-июнда Шанхайда ачылганы жаткан саммитте, Россиянын тышкы иштер министринин орунбасары Александр Алексеев ырастагандай, “террордук, сепаратисттик жана экстремисттик иштерге” тартылган адамдардын чек аралардагы кыймыл-аракеттерин көзөмөлгө алуу чараларын аныктаган келишимге кол коюлат. Байкоочулар бул документти негизинен Кытайдын Шинжан провинциясындагы уйгурлардын кыймылын басканга арналган кезектеги кадам катары баалашты.

Шинжан аймагы Кытайдын амирине өткөнүнө алтымыш жылдан араң ашты. Бул жерде түзүлгөн “Чыгыш Түркстан” кыймылы тарыхый чындыкты калыбына келтирүүнү – аймактын өз алдынчалыгына жетишүүнү көздөйт. Уйгурлар негиздеген уюмду Кытай бийликтери сепаратисттердин уюгу деп жарыялап,башын бапан,аягын сапан кылып куугунтуктап келатат. Шинжанда бир нече ирет жазалоо операциялары өткөрүлдү, уйгур активисттеринин кыйласы камакка алынды. Кытайга коңшулаш Борборазияда көп сандаган уйгурлар жашагандыктан, Пекин бийликтери региондогу өкмөттөрдү бул кампанияга өнөктөш кылып алганга умтулуп,эки тараптуу келишимдерди түзгөнгө жетишти. Былтыр Түркмөнстан менен ушундай документке кол коюлду, өткөн аптада төрага Ху Цзинтао кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен да “Чыгыш Түркстан” кыймылынын активисттерине каршы биргелешип күрөшүү тууралуу макулдашты.

Америкалык уйгурлар коомунун өкүлү Бен Каррдас борборазиялык өлкөлөр Кытайдын региондогу экономикалык жигердүү экспанциясынан чочулашканы менен шинжандык мусулман радикалдардын маселесинде Пекинге каяша кылганды каалабайт деп эсептейт. Карддастын айтымында, Шинжанда кытай бийликтерин апалаң-тапалаңга салгыдай анчейин деле негиздер жок. Ага карабастан көп сандаган адамдар кармалып, кызылдай кыйноого салынып, уйгурлардын улутчулдугу терроризмге тоголуп жатат. Алардын бири – Турдакун Хошин аттуу уйгур “бүтүн Кытайды бүлүнткөнгө аракет кылган” деген айып менен марттан бери сот-сураксыз абакта отурат. Америкалык уйгурлар жамаатынын президенти Рабиа Кадыр айымдын өспүрүм курактагы үч баласы да жакында камалды. Анын күйөөсү Шинжандын көз карандысыздыгын жактаганы үчүн эл душманы аталган, анын айынан Рабиа өзү да депутаттык мандаттан ажыратылып, бийликтер артынан сая түшүп алганда АКШга качып кеткенге аргасыз болгон.

Эл аралык укук коргоочу Human Rights Watch уюму 14-июнда атайын билдирүү таркатып, Шанхай саммитинин катышуучуларын терроризмге каршы күрөшкө жамынып, эркин ойлонгон адамдарды куугунтуктоо практикасынан баш тартууга чакырды. Укук коргоочулар Кытайда улуттук азчылыкты түзгөн уйгур мусулмандары, Өзбекстан менен Казакстанда оппозиция катуу кысымга кабылып, Чеченстанда адам укуктары басмырланып жатканына айрыкча тынчсыздануу билдиришкен.

XS
SM
MD
LG