Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

ОРУС-ГРУЗИН МАМИЛЕЛЕРИ ОҢОЛОТ, БИРОК КАЧАН?

Орус жана грузин президенттеринин шейшемби күнү Санкт-Петербургда болуп өткөн жолугушуусу эки тараптын ортосундагы мамилелерди оңдоп жиберген жок. Владимир Путин да, Михаил Саакашвили да ачык айтып, ак сүйлөшүшкөнүн, бирок эки өлкөнүн саясий алакалары жайында эместигин моюнга алышты.

Эки президент тең мамилелерди жакшыртуунун жолдорун издегенге сөз беришти. Өз ара таарынычтар жана айыптоолор тийиштүү деңгээлдеги карым-катнаштардын жоктугунан жана түшүнбөстүктөн чыгып жатат, деп айтты Путин. Бирок эки тарап тең абалдан чыгууну каалайт.

Путин ортодогу проблемалар менен бирге саясий мамилелердеги, экономикалык байланыштардагы жагымдуу жактарды да эске сала кетүүнү эп көрдү. Ал келтирген маалыматтарга караганда, өз ара соода-сатыктын көлөмү жылына 50 процент өлчөмүндө өсүп жатат. Грузин экономикасындагы россиялык тикелей инвестиция да беш эсе көбөйдү. Россияда туруктуу жашап же убактылуу иштеп жаткан грузиндер жыл сайын өз мекенине 1,5-2 миллиард доллар акча которуп турушат. Бул сумма, Путиндин айтымында, үчүнчү бир өлкө көрсөткөн жардамдан алда канча артыкчылык кылат.

Өз кезегинде Саакашвили акыркы кездерде Москва менен Тбилисинин алакаларында бир катар проблемалар пайда болгонуна кабатырлык билдирип, негизинен Абхазия менен Түштүк Осетияга байланышкан кырдаалга токтолду. Саакашвили Грузия биринчи кезекте Россиянын катышуусу менен конструктивдүү сүйлөшүүлөргө ниеттүү экенин ырастады. Бирок азырынча бул жагынан түпөйүл кылган суроолор көп. Абхаз жана түштүк осетин проблемасын ал агрессивдүү сепаратизм менен “тоңдурулган жаңжал” деп атады. Саакашвили грузин аймактарын аннексиялоо жүрүп жатканын, мындайга Тбилиси эч качан макул боло албай турганын кескин апазда билдирди. “Грузия чакан жана кооз өлкө, жакшысы аны өз жайына калтыруу керек. Ким бирөөгө бөлүп бере турган эчтемебиз жок, Абхазиянын же Түштүк Осетиянын аймагындагы бир укум жерди да эч ким жана эч качан алалбайт”, - деп айтты Саакашвили.

Түштүк Осетия боюнча биргелешкен көзөмөл комиссиясынын теңтөрагасы Юрий Попов президенттердин сүйлөшүүлөрүн комментариялап, абхаз жана осетин жаңжалына байланыштуу проблемаларды жөнгө салуу үчүн биргелешип иштегенге тараптар ыкыласын көрсөткөнүн, ушунун өзү келечектен үмүттөндүргөн база экенин белгиледи. Ал эми тбилисилик көз карандысыз эксперт Гия Хухашвилинин пикирине караганда, бул жолугушуу “чоң сегиздиктин” жыйыны алдында биринчи кезекте Путинге керек эле, натыйжада ал бул маселени саммиттин күн тартибинен алып салганга жүйөө түзгөнгө жетишти.

Орус думасынын эл аралык иштер боюнча комитет башчысы Константин Косачев кокус Батыш өлкөлөрү Косовонун көз карандысыздыгын тааный турган болсо,Москва да Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин макул табышы мүмкүн экенин кыйыткан эле.

Шаршемби күнү Сухимиде абхаз,түштүк осетин жана Днестр кылаасынын президенттери кызматташуу жөнүндө декларацияга кол коюп, эгер жаңжалдуу үч аймактан россиялык бейпилдик күчтөрү чыгарылса, аларды алмаштырганы биргелешип контингент түзүүнү макулдашты.
Куржундар
XS
SM
MD
LG