Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

15-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1873-жылдын бу күндөрү Кирлик жана Хазратта козголоң чыгарган кыргыздар Кокон хандыгынын өрөөндөгү тиреги болгон Өзгөн чебин басып алышкан. 1788-жылдын бу күнү Сибирь корпусунун командачысы Н. Г. Огарев Атаке-баатырга кат жолдогон.

1873-жылдын бу күндөрү Кирлик жана Хазратта козголоң чыгарган кыргыздар менен кыпчак уруулары Фергананы карай бет алып, Кокон хандыгынын өрөөндөгү тиреги болгон Өзгөн чебин басып алышкан. Мындагы хандык казына таланып, аскер башчы жана кокондук өкүлдөр козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн. Козголоңчулар Ош, Сузак, Булак башы, Үчкоргон жана башка бир канча айыл-кыштактарды күч колдонбой басып алышкан.

1873-жылы Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн лейлектик кыргыздар орус бийлигинен букаралык сурап Токмок уезддик начальнигине кайрылышкан. Алар кокондук зекетчилердин аксымдыгы, хан аскерлеринин зулумдугу жанга баткандыгын кабарлашып, орус бийлиги менен «тамырлаш» болууну самагандыктарын билдиришкен.

1788-жылдын бу күнү Сибирь корпусунун командачысы Н. Г. Огарев Атаке-баатырга кат жолдогон. Катта «Тынайбиев Атаке баатыр орус императрицасы Екатерина II тарабынан 800 рубль күмүш акча менен сыйлангандыгы» кабарланат. Мындан тышкары, Н. Г. Огарев Атаке баатырдан элчилердин эсен-соо жетип алгандыгын сураган.

1917-жылдын бу күндөрү Кыргызстандын айрым аймактарында согуш фронттуна каршы кыймыл башталды. Пржевальск шаарында эсалууга келген аскерлер «Тыныгуудагы аскер кеңешин» уюштурушуп, согушка кетүүдөн баш тартышкан.

Ушул эле убакта Пишпектин топтоо пунктунда согушка жөнөтүлчү 800 чамалуу адам алардын фронтко жиберилишине каршы чыгышкан.

1919-жылдын бу күнү Түркстан коммунисттик партиясынын III съезди ишин аяктады.

1930-жылдын бу күнү Кыргызстанда кыргызча «Сабаттуу бол» гезитинин биринчи саны жарык көрдү. Гезит өлкөдө кулач жайган сабатсыздыкты жоюга шайкеш чыгарылып, анын беттеринде түркөйлүккө каршы күрөш жана кыргызча окуу үлгүлөрү жарыяланган.

1933-жылдын бу күнү ВКП (б) Кыргыз обкомунун VII пленуму ишин баштады. Партия пленумунда Кыргызстан партиялык уюмунун иш милдеттери, учурдагы оруп-жыюу компаниясынын аткарылышы, маданий турмуш, элге билим берүү сыяктуу маселелер каралган.

Бу күнү, 1606-жылы теңдешсиз живописчи Рембранд, 1882-жылы сүрөтчү М. Б. Греков, 1921-жылы хирург-травматолог Г. А. Иллизаров жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG