Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕР ИРАКТАН АЗЫРЫНЧА ЧЫГАРЫЛБАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага 13-июнда АКШ президенти күтүүсүздөн Иракка барып келгендин эртеси Багдад шаарында тартип орнотуу боюнча кеңири аракеттер көрүлө баштады. Ал Вашингтонго кайтып келгенде, 14-июнда журналисттер менен жолукканда, ага - бул эки окуя бир-бири менен байланышканбы деген суроо берилди.

Президент Жорж Буш Буштун айтымында, 7-июнда "ал-Каида" уюмунун Ирактагы жетекчиси Абу Мусаб аз-Заркави өлтүрүлгөндө бир топ жашыруун документ өкмөттүк аскерлердин колуна тийген, ошондуктан Ирак өкмөтүнө каршы аракеттенген лашкерлерге карата чечкиндүү чара көрүүгө мүмкүнчүлүк ачылды.

Буштун күтүүсүздөн кыска мөөнөткө Багдадка барып келгенинин себебин болсо байкоочулар - акыркы мезгилде америкалык эл арасындагы президент Буштун рейтинги өтө төмөндөгөнү жана Ирактагы согушка каршы көп айтылып жаткан пикирди өзгөртүү менен байланыштырууда.

"Вашингтон пост" гезити менен "Эй-би-си" сыналгысы биргелешип өткөргөн акыркы сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, АКШ жетекчилигинин Ирак саясатын азыр Америка элинин 33 гана пайызы колдойт. "Нью-Йорк таймс" гезити 14-июнда жарыялаган маалыматка караганда болсо, эгер 2005-жылы Испания элинин 41 пайызынын АКШ тууралуу пикири оң болсо, азыр андайлардын саны 23 пайызга чейин түшкөн. Индияда ошол эле көрсөткүч 71 пайыздан 56 пайызга чейин төмөндөгөн, Түркияда болсо 23 пайыздан 12 пайызга чейин түшкөн.

14-июнда болсо Багдад шаарында ири аскерий аракеттер көрүлө баштады. Кырк миңге жакын өкмөттүк жана америкалык аскер көчөлөргө чыгып, ар башка текшерүү жүргүзүп, кеңири операция жүргүзүүдө, шаарда атайын түнкү тартип дагы киргизилди. Президент Буштун айтымында, мындай чаралар өлкөнүн жаңы премьер-министри Нури ал-Маликинин демилгеси менен көрүлүүдө:

"Премьер-министр мага айткан маалыматка караганда, үч тармакта кеңири жана чечкиндүү аракеттер көрүлө баштады - коопсуздукту чыңдоодо, экономиканы көтөрүүдө жана эл аралык коомчулук менен тыкыз кызматташып, анын колдоосун алуу багытында", - деди Буш 14-июнда Вашингтондо өткөн жыйында.

Жыйында президент Бушка - америкалык аскерлер Ирактан качан чыгарыла баштайт деген суроо берилди. Ага Буш - Ирактын өзүнүн өкмөттүк күчтөрү жетиштүү деңгээлге даярдалып жете элек, ошондуктан ал тууралуу сөз кылуу али эрте деп жооп берди. Куба аралындагы Гуантанамо базасындагы абак качан жабылат деген да маселе көтөрүлдү. Буштун айтымында, ал өзү дагы базаны жабып салууну каалайт бирок азырынча ага шарт болбой жатат.

XS
SM
MD
LG