Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 11:58

КЫРГЫЗСТАНДА УЛУТ АРАЛЫК ЧАТАК ЧЫГЫШЫ ЫКТЫМАЛБЫ?


Премьер-министр Феликс Кулов экстремисттик уюмдар күзүндө Фергана өрөөнүндө улут аралык чатак чыгарышы ыктымал деп билдирди.Чатактын чыгышына эмне себеп болушу мүмкүн? Жакырчылыкпы, жер-суу талашпы? Же геосаясий таймаштарбы?

Премьер-министрдин сөзүнө караганда, түштүктөгү жумушсуздук, жер-суунун жетишсиздиги карасанатай күчтөрдүн аракетине ыңгайлуу шарт түзүп берүүдө. Ошондуктан күзүндө диний даабатчылар жана куралдуу экстремисттик топтор улуттар аралык чатак чыгарууга аракет жасашы ыктымал.

Баткен облустук администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин билдирүүсүнө караганда, чочулоого 12-майдагы кол салуудан кийин колго түшкөн туткундун жана анын көрсөтмөсү менен жакында кармалган жети кишинин билдирүүлөрү негиз болуп берүүдө. Алардын куралдуу кол салууларды улантуу ою бар экени аныкталууда:

"Азыр тирүү калган адамдын көрсөтмөсү боюнча жети адамды кармап, аларды отургуздук. Сурак иштери бүтүп калды. Алардын дагы даярдык көрүп, (куралдуу кол салууларды) улантабыз деген ойлору бар экен. Азыр ошол жети адамды Кадамжайда алып келип, суракка алып жатабыз. Алардын бардыгынын ою, максаты ошондой".

Таштемир Эшалиевдин айтымында, учурда Баткен обулсунун аймагында чек араларды кайтаруу күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат.

Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов экстремисттик уюмдардын чагымы болуш ыктымалдыгын тастыктап, ага жол бербеш үчүн тийиштүү чаралар көрүлүп жатат дейт:

"Азыр президент тарабынан атайын директивага кол коюлду. Кошумча каражат бөлүү тууралуу чечим кабыл алынууда. Техникалык каражаттарды топтодук. Байманабыз ашып баратпаса да күчүбүз жетиштүү. Ошого жараша тийиштүү чараларды көрүп жатабыз. Жакында атайын машыгуулар да өткөрүлөт".

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, атайын кызматта кезинде кызмат өтөгөн Алишер Абдымомунов адатта экстремисттик уюмдарды башка күчтөр курал катары пайдаланып, алардын атын жамынып чагым уюштурат деген пикирин айтат:

"Аларды курал катары пайдаланышат. Ошолорду шылтоолоп, алардын атынан киришет. Диний кишилер өздөрү жасабайт андайды. Бул региондо АКШ менен Россия өз кызыкчылыктарын ачык айтып, талашып-тартыша баштады. Бир жагынан Кытай турат. Бул геосаясий себеп.Экинчи жактан, экономикалык себеп бар. (Кызылкыядагы) Цемент-шифер завод боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда карама-каршылык туулуп жатат. Тескери иштерди уюштурганга ушундай негиздер бар".

Айрым талдоочулардын пикиринде, диний экстремисттердин чагымына өзбек тилине расмий тил статусун берүү талабын коюп жаткан күчтөрдүн аракети кошул-ташыл болушу ыктымал. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты Даврон Сабиров улуттар аралык чатакташуу болушу ыктымал дегендерге кошула албасын айтып, тил маселеси тууралуу буларды белгиледи:

"Ал маселе Жалалабадда көтөрүлгөн, бирок Ош, Баткенде көтөрүлгөн жок. Буга кызыккан көпчүлүк адамдар депутаттарга кайрылып, депутат катары бул маселени парламентте, Конституциялык кеңеште чечкиле деген сунуштарды айтышууда".

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев ар кандай чагымдарга жол бербеш үчүн бийлик бекем болуп, мыйзам чегинде иштөөгө тийиш деген пикирде:

"Президент, өкмөт иштеш керек. Мыйзамдын негизинде ачык-айкындуулук менен иштеш керек. Бийликтин күчү мыйзамдын негизинде. Экинчиси, күч органдарын пайдаланып, мыйзам негизинде иш чара көрсө, ага баары көнөт".

Терроризм жана экстремизмге каршы күрөш дүйнөдөгү эң актуалдуу маселе бойдон калууда. Ошондуктан 15-июнда Шанхай кызматташуу уюмунун жыйынында да терроризмге каршы биргелешип күрөштү күчөтүү, уюмдун аймагында коопсуздукту биргелешип камсыздоо чакырыктары айтылды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG