Ушул жумада Ооганстандын президенти Хамид Карзай абал кескин курчуп кеткен ооган-пакистан чек арасындагы чөлкөмдөрдү кыдырып, жергиликтүү согушкерлерди өлкөнүн Улуттук полициясына жалдоонун мүмкүндүгүн караштырууда. Ооган коргоо министри Рахим Вардак мындай аракеттер өлкөдө ишке ашырылып жаткан эл аралык программага кайчы келбесин жана Кабулдун согушкерлерди легалдаштырууга ойу жок экенин билдирди.
"Айрым чөлкөмдөрдө, мисалы жаңжал болуп турган чек ара провинцияларында полицисттер жетишпей, кооптуу абал сакталып кала бергендиктен, биз полицияны жергиликтүү адамдардын эсебинен көбөйтөлү деп жатабыз. Аларды аз-аздап машыктырып, ооган полициясына кошобуз",- деди министр.
Ооган расмий өкүлдөрү жаңыдан жалданган кишилердин каруу-жарагы бар болгондуктан, ага акча сарп кылынбай турганын, тескеричсинче, куралдарын расмий каттоодон өткөрүп, коопсузукту орнотууга көмөктөшкөн адамдарга акча төлөнө турганын маалымдашты. Расмий Кабул иш жүзүндө чар-жайыт лашкерлер тобун көзөмөлгө алып жатканын кошумчалайт.