Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

ТЕХНОЛОГИЯ БОЮНЧА МИҢ ЖЫЛДЫКТЫН СЫЙЛЫГЫ ЫЙГАРЫЛДЫ


Бүгүн Хелсинкиде дүйнөдөгү эң ири технология сыйлыгы тапшырылды. 1 миллион евро жарыктын жаңы булактарын тапкан Жапон окумуштуусуна берилди.

Шужи Накамура чоң сыйлыкка маалымат ташуучу көк лазер жана кадыресе жарык булактарына караганда электр кубатын алда канча аз пайдаланган жарыктандыруучу диоддор боюнча иши үчүн татыды. Анын ичилүүчү сууну стерилдештирүүчү башка жабдыктары да эске алынды.

Жапон окумуштуусуна берилген сыйлыкты "Нобелдин технология боюнча сыйлыгы" деп коюшат. Бирок жүз жыл мурда негизделген илим, адабият жана тынчтык сыйлыгынан айырмаланып, Миң жылдыктын Технология сыйлыгы эки гана жашта. Төл алдысы былтыр дүйнөлүк интернет тармагын ойлоп тапкан Тим Бернертс-Лиге ыйгарылган.

Сыйлык кеңешинин төрагасы Жаакко Ихамуотилла
Бернерс-Ли дүйнөлүк интернет тармагын ойлоп таап, адамзатына бекерге бергендигин айтып, адам баласынын жашоо-турмушунун сапатын жакшырта турган ойлоп табуучулукту колдогон Миң жылдык сыйлыктын көзөдөгөн максатына интернеттин шайкеш келгендигин белгилеген. Бир миллион доллардык сыйлыкты Миң жылдык сыйлык кору жеке менчик уюмдардан жана Финляндиянын өкмөтүнөн чогултулат.

Бул идея биринчи жолу 1990-жылдары пайда болгон. Кийин Калифорниялык филантроп Артур Коллиңсуорс фин өкмөтүн технологиялардын өнүгүшүн адамзатына кызмат кылган нукка бурууга үндөгөн. Миң жылдык сыйлык корунун өкүлү Таня Иконендин айтымында, быйыл 32 өлкөдөн 100дөн ашык технология жетишкендиги көрсөтүлдү.
XS
SM
MD
LG