Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

16-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1937-жылдын бу күнү Кыргызстан (большевиктер) Коммунисттик партиясынын I съезди ишин аяктады. 1964-жылдын бу күнү Кыргызстан аялдарынын курултайы соңуна чыкты.

1780-жылдын бу күнү тилмеч М. Бекчуриндин Сибирь корпусунун командачысы Н. Г. Огаревге берген билдирүүсүндө, казак султаны Аблай Ташкенттен алты күн аралык узактыктагы Талас суусунун боюнда орун алгандыгы кабарланган. Айрым илимпоздордун божомолуна ылайык, Аблайдын кыргыздарга жасаган жортуулу адегенде ийгиликсиз башталган жана ал чапкынды улантыш үчүн Таластын боюна өргүүгө турса керек.

1917-жылдын бу күнү Жети суу областынын жумушчу жана аскер депутаттарынын съезди ишин аяктады.

1937-жылдын бу күнү Кыргызстан (большевиктер) Коммунисттик партиясынын I съезди ишин аяктады.

Съездде өлкөнүн индустриалдык курулушу, агрардык секторду жандандыруу маселелери каралган. Мындан тышкары, Кыробкомдун биринчи катчысы М. К. Аммосовдун демилгеси менен партиялык жана жетекчилик кызматка кыргыздарды алуу жана алардын сапаттык даярдыгын арттыруу туурасында чечим кабыл алынган.

1942-жылы согуш айынан Кыргызстанга көчүрүлгөн СССР Илимдер Академиясынын Биология бөлүмү Фрунзе шаарында ишин баштады. Илимпоздор өлкөнүн коргоо милдети үчүн маанилүүі эсептелинген палеонтология, генетика, микробиология, биохимия багытында изилдөөлөрдү жүргүзүүгөј киришкен жана Кыргызстандагы биология илиминин түптөлүшүнө негиз салынган.

1944-жылдын бу күнү Кыргызстан КП (б) Борбордук комитети менен Эл комиссарлар Совети Кыргызстанга жер которгондор үчүн атайын токтом кабыл алды. Анда бу жерге көчүп келгендерге, мурда жашаган жеринен канча мал, эгин өткөрсө, анын ордуна ошончо мал, эгин берилет деп чечим чыгарылган. Жер которгондор үчүн 9 926 жылкы; 24 472 бодо мал; 60 000 кой, эчки; 24 700 ц. эгин; 30 000 м.куб.курулуш материалдары берилген.

1964-жылдын бу күнү Кыргызстан аялдарынын курултайы соңуна чыкты. Курултайга генерал-майор Панфиловдун жесири М. Панфилова катышып, алар кыргызстандык аялдар атынан КПСС Бкнын биринчи катчысы Н. С. Хрущевго «советтик аялдарга көрсөткөн аталык камкордугуна ыраазычылык билдирген» кайрылуу кабыл алышкан.

Бу күнү, 1925-жылы Крымда «Артек» пионер лагери ачылып; 1903-жылы «Форд мотор» компаниясы негизделип, 1630-жылы дыйкандар көтөрүлүшүнүн анабашчысы Степан Разин жарык дүйнөгө келсе, 1961-жылы манасчы, акын Мусулманкул Молдобасанов дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG