15-июндагы сот ишине жабырлануучу тараптан жалгыз гана Сериккали Мусин катышып олтурду.
Жабырлануучу тарап да, айыпталуучу тарап дагы сотко бир нече өтүнүч менен кайрылышты. Анын ичинен эң башкысы- сот Алматы шаарында өтсүн деген өтүнүч айтылды.
Соттун жүрүшүндө айыпкерлер өздөрүнө коюлган айыптар менен тааныштырылды. Айыпкерлер негизинен тагылган күнөөлөрдү моюнга алышкан жок.
Соңку жылдары Казакстанда айрым оппозициячыл саясатчылар, көз каранды эмес журналисттер киши колдуу же сырдуу шарттарда өлгөнү маалым. Оппозиция бул окуялардын артында бийликтин саясий куугунтугу жатат деп бийликти сындап келет. Расмий Астана болсо мындай доолорду өзүнө жуутпай, четке кагууда.