Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

МИЛИЦИЯ – ПОЛИЦИЯ: ОРТОДО РЕФОРМА


2003-жылдын августунан тарта Кыргызстандын ички иштер кызматын реформалоо программасы Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун көмөгү менен жүргүзүлүүдө. 16-июнда Норвегия, Франциянын ЕККУдагы атайын өкүлдөрү Кыргызстандын ички иштер министри Мурат Суталинов менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандын ички иштер министрлигине тийиштүү органдарды реформалоонун жүрүшү тууралуу кеп жүрдү. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун көмөгү менен жүргүзүлүп жаткан бул ичаранын негизги максаты элдин укугу менен эркиндигин, коом кызыкчылыгын коргой турган ички иштер кызматын түзүүгө багытталган.

2005-жылдын жарымынан быйылкы жылдын аягына чейин программанын өткөөл учуру, ички иштер кызматын реформалоонун укуктук-нормативдик жерпайын түптөө иштери жүрүүдө. Батыш өлкөлөрүн кабатырланткан олуттуу проблемалар: уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, адам сатууга, баңгизаттарын ташып өтүүгө бөгөт коюу аракети жасалып жатканын Кыргызстандын ички иштер министри Мурат Суталинов жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда адам укугун сактоо жаатында толгон-токой өксүктөр бар. Айрыкча элет жергесинде жарыкты өчүрүп коюу, ансыз да жону жука калктын оор жүгүн жеңилдетиштин ордуна милиция кызматкерлеринин алардын ишин кароону создуктуруу, акча талап кылган учурлары аз эмес. ЕККУнун жардамы менен ыкчам жетип баруучу 102 кызмат долбоору иштөөдө, кварталдык милиция түзүлүүдө. Ички иштер министрлигинин Академиясынын криминалисттик борбору эң мыкты техникалык жабдуулар менен камсыз болду. Ушу тапта милицияны полицияга айландыруунун укуктук негиздери иштелүүдө.

Мурат Суталинов ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы түзүлүп жаткандыгын маалымдады. Анын ырасташынча, уюшкан кылмыштуулуктун жалаң эле талап-тоноо, киши өлтүрүүгө эле эмес, баңгизаттарын ташуу, адам сатууга тиешеси бар. Министр өзү баш болуп өткөн жылы реформаны кандай жүргүзүү керектигин үйрөнүү максатында Литва республикасына барып, тажрыйба үйрөнүп келишкен.

Норвегиянын ЕККУдагы атайын өкүлү Метте Конгшем айым ички иштер кызматын реформалоо үч өлчөм: экономикалык, саясий жана адам укугу боюнча аныкталарын белгиледи. Кыргызстанда түзүлө турган уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгы кандай иштерди жасарына кызыкты. Мурат Суталинов Кыргызстанда адам сатуу, сексуалдык кулчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын, бирок да азырынча андан дурус дегидей натыйжа чыкпай жатканын белгиледи. Кыргызстандык жарандарды сексуалдык кулчулукка Түркияга, Араб Эмиратына алдап сатып ийгендер бардыгын, аларга каршы күрөш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. М.Суталинов пакистандык кылмыштуу топтор Орусия менен Европага адам сатууну Кыргызстан аркылуу жүргүзүүнү өнөкөт кылып алышканын белгиледи.

Кыргызстандын ички иштер министри өткөн жылы Кыргызстанда 2000 ашуун башаламандыктар болгонун, милициянын негизги күчү сүрмөтопту токтотуу, жайкарууга жумшалып, кылмыштуулукка каршы күрөш кыйла басаңдаганын моюнга алды. Быйыл беш айдын ичинде 70 кило героин кармалганын, башка кызматтарга салыштырмалуу ички иштер министрлиги бул жаатта кыйла алдыда экенин белгиледи. Өткөн жылы болгону 28 килограм героин кармалган.

Ички иштер министрлигин реформалоо заман талабына ылайык жүргүзүлүүдө. Азыр ага көмөк көрсөткөнгө караганда сын айтчулар арбын. ЕККУнун көмөгү менен реформанын негизги максаты милиция кызматкеринин аң сезимин өзгөртүү, мыйзам тартибин гумандаштыруу аракети толгон-токой тоскоолдуктарына карабастан жүргүзүлүүдө деп белгиледи М.Суталинов.

XS
SM
MD
LG