Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

“АЛТЫЛЫКТЫН” СУНУШУ АЛГЫЛЫКТУУ КАДАМ


“Алтылыктын” сунуштарын Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад алгылыктуу кадам деп атады. Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитине байкоочу болуп катышкан Ахмединежад Тегерандын атомдук программасына байланышкан жагдайды бейшемби күнү орус президенти Владимир Путин, анын эртеси Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао менен талкуулады. Кошмо Штаттары Шанхай уюмун өз жыйынына иран президентин чакырганы үчүн сынга алды.

Жума күнү Шанхайдагы маалымат жыйынында Махмуд Ахмединежад дүйнөлүк алты өлкөнүн – Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германиянын сунуштар топтомун Ирандын ядролук проблемасын жөнгө салуу жолундагы позитивдүү жышаан катары баалады. “Бул сунуштардан биз алга шилтенген кадамды көрүп турабыз, - деп айтты ал. - Документти азыр өкмөт мүчөлөрү кунт коюп карап-талдап жатышат, жакынкы күндөрдө ага Иран өз жообун берет, анда, арийне, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары эске алынат”.

Ахмединежад ирандыктар ядролук курал жасоого умтулбай турганына, бардык тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө даяр экенине ишендирди. Бул жагынан, жалпы эле дүйнөлүк бир катар түйүндүү маселелерде Кытайдын,Россиянын жана Ирандын көз караштары көп жагынан жакын же дээрлик окшош экенин белгиледи. Үч өлкө айрыкча Тегерандын ядролук программасы боюнча такай консультацияларды өткөрүп турушат. Ал эми дүйнөдөгү “айрым бир күчтөрдү” Ахмединежад жосун-жолоюн өзгөртүүгө чакырды. Иран президенти “санкция” деген сөз эл аралык саясаттын арсеналынан дегеле алынууга тийиш, санкциялар кысым көрсөтүүнүн жана опузалоонун каражаты болбошу керек деп эсептейт.

Иранга кандай долбоорлор сунуш кылынганы тууралуу дале кең-кесири маалыматтар жок. Болгону ядролук программасынан баш тартса жана уран байытуу ишин токтотсо, Тегеранга саясий жана экономикалык жеңилдиктер берилери гана айтылууда.
Иран президенти Шанхай уюмунун саммитин жогору баалап, эгер бу шаркет өзү белгилеген максаттардын толук өтөсүнө чыга алса,анда планетанын тең жарымында коопсуздукту камсыз кылганга жарайт деп билдирди.

Кошмо Штаттары болсо шанхайчыларды өз жыйынына иран президентин чакырганы үчүн сынга алды. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак Иранды уюмга байкоочу кылып алып, терроризмге каршы күрөштү өзүнүн башкы милдети деп жарыялаган Шанхай уюму өзүнө өзү каршы чыгып жатканын белгиледи. АКШ Иранды дүйнөлүк терроризмди колдогон режимдердин бири деп эсептейт.

Брюсселде Евросоюздун саммитинде шаркетке кирген өлкөлөрдүн лидерлери иран проблемасына да кайрылып, Тегеранды “алтылыктын” сунуштарына тез жана позитивдүү жооп берүүгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG